Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 355 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү орган катары Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңеши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 12-декабры ПЖ № 355
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү орган катары Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңеши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргызстан элинин ассамблеясынын өлкөдөгү этностор аралык ынтымакты, туруктуулукту жана социалдык биримдикти камсыз кылуудагы маанисин эске алып, өлкө элинин биримдигин чыңдоодогу, "Кыргыз жараны" катары жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүдөгү анын ролун андан ары жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 21, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү орган катары Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңеши жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 31-майындагы № 138 "Кыргызстан калкы Ассамблеясынын кеңешинин ролун жана статусун жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 17-декабрындагы № 97 (3652) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү орган катары Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңеши жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин…Положение · 12.12.2024 · № 355
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 31-майындагы ПУ № 138 "Кыргызстан калкы Ассамблеясынын кеңешинин ролун жана статусун жогорулатуу жөнүндө" УказыУказ · 31.05.2002 · № 138 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 31-майындагы ПУ № 138 "Кыргызстан калкы Ассамблеясынын кеңешинин ролун жана статусун жогорулатуу жөнүндө" УказыУказ · 31.05.2002 · № 138 · Күчүн жоготкон