# Үч-Терек айылдык кеңешинин 2024-жылынын 30-июлундагы №242 “Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акыларын бекитип берүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Үч-Терек айылдык кеңешинин 2024-жылынын 30-июлундагы №242 “Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акыларын бекитип берүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 242
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019462>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36344/edition/23287/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үч-Терек айылдык кеңешинин 2024-жылынын 30-июлундагы №242 “Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акыларын бекитип берүү жөнүндө” токтому (30.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019462

---

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын 2024-жылдын 30-июлу №242

“Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акыларын бекитип берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 жана 2022-жылдын 09-сентябрындагы №494 токтомдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329 буйругу менен бекитилген Жобого ылайык, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акыларын бекитип берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 жана 2022-жылдын 09-сентябрындагы №494 токтомдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329 буйругу менен бекитилген, “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык жактан артыкчылыктуу субъекттерине берүүнүн тартиби” жөнүндө Жобого ылайык, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акылары төмөндөгүдөй бекитилсин:

2.Үч-Терек жана Саргата айылдарындагы 1га сугат жер-5400 сом өлчөмүндө, Кызыл-Ураан , Жетиген жана Такталык айылдарындагы 1га сугат жер 3600 сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Дөөлөткелдиев.
