# Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 2/3 "Туз айылында «Туз мектепке чейинки билим берүү уюму» мекемесин ачууга макулдук берүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 2/3 "Туз айылында «Туз мектепке чейинки билим берүү уюму» мекемесин ачууга макулдук берүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2/3
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019435>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36318/edition/23254/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 2/3 "Туз айылында «Туз мектепке чейинки билим берүү уюму» мекемесин ачууга макулдук берүү жөнүндө" Токтому (02.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019435

---

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2024-жылдын 2-декабры № 2/3 Туз айылында «Туз мектепке чейинки билим берүү уюму» мекемесин ачууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 14-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы №229-тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесин жетекчиликке алып, Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Туз айылында «Туз мектепке чейинки билим берүү уюму» мекемесин ачууга макулдук берилсин.

2. «Туз мектепке чейинки билим берүү уюму» мекемесин түзүп, уставын бекитип, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык, Нарын облусунун юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жана токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы З.А. Козубековго тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Төрага

Ө.Урматов
