# 77-1-берене. Кыргыз Республикасынын аймагына гуманитардык жардам катары ташып келинген дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз сатуу

- Документ: [Саламаттык сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230019398)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195 "Саламаттык сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019398/st-77-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5442/edition/23211/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Саламаттык сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 77-1-берене (06.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019398/st-77-1

---

Кыргыз Республикасынын аймагына гуманитардык жардам катары ташып келинген дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатуу, - жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

4) 78-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"78-берене. Салттуу (элдик) медицина менен алектенүү тартибин бузуу Салттуу (элдик) медицина менен алектенүү тартибин бузуу, - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

5) төмөнкүдөй мазмундагы 284-1 жана 284-2-беренелер менен толукталсын:

"284-1-берене. Медициналык жана фармацевтикалык ишти лицензиясыз жүзөгө ашыруу Мыйзамда милдеттүү түрдө алынуусу каралган лицензиясы (уруксаты) жок медициналык жана фармацевтикалык ишти жүзөгө ашыруу, - жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230019398/st-77)  
Кийинки берене: [284-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230019398/st-284-2)
