# 3-берене

- Документ: [Саламаттык сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230019398)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195 "Саламаттык сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019398/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5442/edition/23211/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230019398/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Саламаттык сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (06.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019398/st-3

---

"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 8-берененин 2-бөлүгүндө "контролдоо" деген сөздөн кийин "жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү иш" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 9-беренеде:

а) 1-пункттун "б" пунктчасында "Мыйзамдын 15-беренесинин" деген сөздөрдөн кийин "7," деген цифра менен толукталсын;

б) 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "в" пунктчасы менен толукталсын:

"в) колдонулушу лицензиялануучу ишти жүзөгө ашыруучу аймак менен чектелген жана ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарында каралган лицензияларга карата гана киргизилген;";

3) 11-беренеде:

а) 1-бөлүк:

- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1 жана 4-2-пункттар менен толукталсын:

"4-1) ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7-пунктунда каралган лицензия үчүн - жеке медициналык иштин алкагында уруксат берилген медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн, жол-жоболордун жана манипуляциялардын түрлөрү, ошондой эле иш жүзөгө ашырылып жаткан объекттин иш жүзүндөгү дареги; 4-2) Ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 8-пунктунда каралган лицензия үчүн - фармацевтик иштин уруксат берилген түрлөрү, ошондой эле иш жүзөгө ашырылып жаткан объекттин иш жүзүндөгү дареги;";

- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:

"6-1) ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарында каралган лицензияларга карата лицензиялануучу ишти жүзөгө ашыруучу жердин дареги;";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 жана 2-2-бөлүктөр менен толукталсын:

"2-1. Зарыл болгон учурда лицензияга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган тиркемелер таризделет. 2-2. Лицензияга тиркеме аткарылуучу иштин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иш-аракеттердин түрлөрүнүн ар бирин жана иштин лицензиялануучу түрүнүн операцияларын, ошондой эле иш жүзөгө ашырылып жаткан объекттин иш жүзүндөгү дарегин көрсөтүү үчүн таризделет.";

4) 15-берененин 7 жана 8-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7) жеке менчик формасына негизделген саламаттык сактоо уюмдары жана жеке ишкерлер (жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдарында, же болбосо жеке ишкерлерде жалдоо же эмгек келишими боюнча иштеген медицина кызматкерлеринин ишин кошпогондо) тарабынан жүзөгө ашырылуучу медициналык иш;

8) фармацевттик иш: дары каражаттарын өндүрүү, медициналык буюмдарды өндүрүү, дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды дүңүнөн сатуу (дистрибуция), дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды ташып келүү (импорттоо), дары каражаттарын жана/же медициналык бумдарды чекене сатуу, дары каражаттарын жана/же медициналык бумдарды даярдоо, саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарын жана/же медициналык бумдарды сактоо жана берүү;";

5) 17-берене төмөнкүдөй мазмундагы 42-пункт менен толукталсын:

"42) дары каражаттарын жана медициналык бумдарды жүгүртүү чөйрөсүндө клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүү.";

6) 23-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

"3-1) ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарында каралган лицензияларга карата лицензиялануучу ишти жүзөгө ашыруучу жердин географиялык аталышын (даректерин) өзгөртүү;";

7) 29-берененин 1-бөлүгү:

а) төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5) ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарында каралган лицензияларга карата лицензия алуучунун ишинин натыйжасында адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна залал келтирүү фактысын белгилөө.";

б) үчүнчү жана төртүнчү абзацтарда "1-4-пункттарында" деген сөздөр "1-5-пункттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8) 31-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:

"9) ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарында каралган лицензияларга карата лицензияда/тиркемеде көрсөтүлгөн иш жүзүндөгү дарекке ылайык келбеген дарек боюнча (географиялык аталышын өзгөртүү учурларын кошпогондо) ишти жүзөгө ашыруу.".

---

Мурунку берене: [284-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230019398/st-284-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230019398/st-4)
