# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабры № 739 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 "Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабры № 739 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 "Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 739
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019355>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36264/edition/23140/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230019355.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабры № 739 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 "Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (28.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019355

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 6-декабры № 739

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 "Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Айыл жеринде жана райондук маанидеги шаарларда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын иштешинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 "Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:

"3) Ысык-Көл облусунун Түп району, Нарын облусунун Кочкор району жана Жалал-Абад облусунун Сузак району Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын эксплуатациялоо пилоттук режимде апробациялануучу райондор болуп аныкталсын.".

2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги:

- жогоруда көрсөтүлгөн райондордо ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын эксплуатациялоону пилоттук режимде апробациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу планын иштеп чыксын;

- иш-чараларды ишке ашырууну Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын тиешелүү жылга бекитилген каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
