# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-декабрындагы № 746 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура объекттеринин киберкоопсуздук системаларын түзүүгө жана алардын иштөөсүн камсыз кылууга талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-декабрындагы № 746 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура объекттеринин киберкоопсуздук системаларын түзүүгө жана алардын иштөөсүн камсыз кылууга талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 746
- Кабыл алынган күнү: 09.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019338>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36254/edition/23099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230019338.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-декабрындагы № 746 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура объекттеринин киберкоопсуздук системаларын түзүүгө жана алардын иштөөсүн камсыз кылууга талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому (14.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019338

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 9-декабры № 746

Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура объекттеринин киберкоопсуздук системаларын түзүүгө жана алардын иштөөсүн камсыз кылууга талаптарды бекитүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 265 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура объекттеринин киберкоопсуздук системаларын түзүүгө жана алардын иштөөсүн камсыз кылууга талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура субъекттери ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Талаптардан келип чыгуучу чараларды төмөнкүлөрдүн эсебинен көрсүн:

– бюджеттик мекемелер болуп саналган субъекттер үчүн бюджеттик системанын тийиштүү бюджеттеринде каралган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын;

– коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле чарбалык шериктештиктер жана коомдор болуп саналган субъекттер үчүн өздүк каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган (бюджеттик каражаттардан тышкары) башка булактардын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 265 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
