Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз, Оргочор, Кызыл-Суу, Жаргылчак, Барскоон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2024-жылдын 23-ноябры № 208 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз, Оргочор, Кызыл-Суу, Жаргылчак, Барскоон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз, Оргочор, Кызыл-Суу, Жаргылчак, Барскоон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык:
- участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүү участкалык шайлоо комиссияларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Жети-Өгүз, Оргочор, Кызыл-Суу, Жаргылчак, Барскоон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.
Жети-Өгүз, Оргочор, Кызыл-Суу, Жаргылчак, Барскоон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы депутаттарды шайлоонун натыйжалары жөнүндө төмөнкү протоколдору бекитилсин:
- Жети-Өгүз айылдык кеңешинин (1-тиркеме);
- Оргочор айылдык кеңешинин (2-тиркеме);
- Кызыл-Суу айылдык кеңешинин (3-тиркеме);
- Жаргылчак айылдык кеңешинин (4-тиркеме);
- Барскоон айылдык кеңешинин (5 тиркеме).
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 91/1 (3646) саны менен жарыяланды
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына жана тийиштүү айылдык кеңештерине жөнөтүлсүн.
4. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 256 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү…Указ · 06.09.2024 · № 256
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрыylfus № 136 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан…Постановление · 23.09.2024 · № 136