Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев, Кара-Буура, Чолпонбай жана Шекер айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2024-жылдын 22-ноябры № 203 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев, Кара-Буура, Чолпонбай жана Шекер айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев, Кара-Буура, Чолпонбай жана Шекер айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык:
- участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүү участкалык шайлоо комиссияларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Айтматов аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Аманбаев, Кара-Буура, Чолпонбай жана Шекер айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын белгиледи.
Аманбаев, Кара-Буура, Чолпонбай жана Шекер айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө. Айтматов аймактык шайлоо комиссиясына 2 арыз түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынган. Кабыл алынган чечимдерге даттануулар келип түшкөн жок. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 20-ноябрындагы депутаттарды шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин:
- Аманбаев айылдык кеңешинин (1-тиркеме);
- Кара-Буура айылдык кеңешинин (2-тиркеме);
- Чолпонбай айылдык кеңешинин (3-тиркеме);
- Шекер айылдык кеңешинин (4-тиркеме).
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 91/1 (3646) саны менен жарыяланды
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Айтматов аймактык шайлоо комиссиясына жана тийиштүү айылдык кеңештерине жөнөтүлсүн.
4. Айтматов аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 256 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү…Указ · 06.09.2024 · № 256
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрыylfus № 136 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан…Постановление · 23.09.2024 · № 136