# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 786-т ("Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо" долбоорун бекитүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 786-т ("Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо" долбоорун бекитүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 786-р
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019303>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19388/edition/23070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230019303.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 786-т ("Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо" долбоорун бекитүү жөнүндө) тескемеси (06.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019303

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2024-жылдын 6-декабры № 786-т

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-июлундагы № 202 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, майда товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 22-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүңдө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо" долбоору (мындан ары - БТӨК долбоору) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ачык акционердик коомдоруна төмөндөгүлөр сунушталсын:

1) өндүрүштүн негизги каражаттары жана өндүрүштүк, экономикалык жана социалдык мүнөздөгү жалпы кызыкчылыктар менен бириккен чарба жүргүзүүчү субъекттерге кредит берүү (каржылоо), анын ичинде ислам принциптерине ылайык берүү;

2) БТӨК долбоорун ишке ашырууга катышкан бириккен субъекттерге кредит берүүдө комиссиялык жана башка жыйымдарды албоо.

3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ачык акционердик коомдору менен биргеликте БТӨК долбоорун ишке ашыруунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзсүн жана 2026-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жасалган иш жөнүндө маалымат берсин.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
