Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Троллейбустарды өткөрүп берүү маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-декабры № 758
Кургак учуктун таркап кетүү коркунучун жараткан адамдарга жол берилбеген жумуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө
«Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кургак учуктун таркап кетүү коркунучун жараткан адамдарга жол берилбеген жумуштардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 98 (3653) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Тиркеме
Кургак учуктун таркап кетүү коркунучун жараткан адамдарга жол берилбеген жумуштардын тизмеги
Бул Кургак учуктун таркап кетүү коркунучун жараткан адамдарга жол берилбеген жумуштардын тизмеги кургак учук инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында кургак учуктун активдүү формасы менен ооруган адамдарга жол берилген жумуштардын түрлөрүн жана шарттарын белгилейт.
Кесиптердин жана кызмат орундарынын аталыштары
1. Өнөр жайдын тамак-аш тармагынын ишканалары, коомдук тамактануу, бардык мекемелердин тамак-аш блоктору, буфеттер, кафе, ресторандар, сүт ашканалары, соода, тамак-аш азыктарын өндүрүү процессинде, сактоодо, сатууда жана транспорттун бардык түрлөрү менен ташуу процессинде алар менен байланышы болгон базалар, кампалар.
2. Коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүн тейлөө чөйрөсүндөгү кызматкерлер (жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин жолшериктери, авиатранспортунун, сейилдөө кемелеринин борттук коштоочулары).
3. Тамак-аш жеткирүү кызматы.
4. Бардык профилдеги хирургиялык бөлүмдөр, операциялык жай, анестезиология, операциялык блоктор, стоматология, отоларингология.
5. Менчигинин түрүнө карабастан медициналык мекемелер, төрөт үйлөрү (бөлүмдөрү), балдар ооруканалары (бөлүмдөрү).
6. Жогорку окуу жайлары, окуу-тарбия мекемелери (жалпы билим берүүчү мектептер, мектеп-интернаттар, атайын орто окуу жайлары ж.б.), балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорттук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемелери, китепканалар, балдар китепканалары.
7. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары (бала бакча, бөбөк үйү, балдар үйү).
8. Дарыканалар, фармацевтикалык заводдор, дары каражаттарын жасоо, таңгактоо жана сатуу менен алектенген фирмалар.
9. Мамлекеттик жана жеке мончолор, бассейндер, дарылоочу ванналар, кир жуучу жайлар, жатаканалар, мейманканалар, хостелдер.
10. Чач тарачтар, косметологиялык салондор, сулуулук салондору.
11. Менчигинин түрүнө карабастан спорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелери (спорт залдар, фитнес клубдар, спорттук базалар).
12. Суу түтүк курулмаларынын жана суу түтүк тармагынын уюмдары.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 10