# Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 12-декабры № 04-13/418 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 154-ни “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” буйругун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 12-декабры № 04-13/418 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 154-ни “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” буйругун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 04-13/418
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019277>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1679/edition/23021/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230019277.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 12-декабры № 04-13/418 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 154-ни “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” буйругун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" буйругу (12.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019277

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ 2024-жылдын 12-декабры № 04-13/418

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 154-ни “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” буйругун күчүн жоготту деп таануу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктуна ылайык буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 154-ни “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) репутацияны башкаруу бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын.

3. Министрликтин суу жана жер ресурстар бөлүмү:

– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн, буйруктун көчүрмөсүн жарыяланган булагын көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.

4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.

Министрлер Кабинетинин

Төрагасынын орун басары - министр

Б. Э. Торобаев
