Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кош-Дөбө айыл аймагынын Мавлянов айылдык кеңешинин «Айыл-чарба фонддунун жерлеринен үрөнчүлүк асыл-тукум чарбаларына, айыл чарба коперативдерине берилген жерлеринин ижара акчасынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтому
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы 2023-жылдын 2-ноябры № 3/15 Айыл-чарба фонддунун жерлеринен үрөнчүлүк асыл-тукум чарбаларына, айыл чарба коперативдерине берилген жерлеринин ижара акчасынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө Айыл-чарба фонддунун жерлеринен үрөнчүлүк асыл-тукум чарбаларына, айыл чарба коперативдерине берилген жерлеринин ижара акчасынын өлчөмүн бекитүү боюнча айыл өкмөттүн жер адиси А.Абдырахмановдун Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Айыл-чарба фонддунун жерлеринен үрөнчүлүк асыл-тукум чарбаларына, айыл чарба коперативдерине берилген жерлеринин ижара акчасынын өлчөмүн бекитүү боюнча айыл өкмөттүн жер адиси А.Абдырахмановдун берген маалыматы эске алынсын.
2 Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигинин 2023-жылдын 28-мартындагы №120-НИ буйругу эске алынып бекитилсин.
3 Айыл-чарба фонддунун жерлеринен үрөнчүлүк асыл-тукум чарбаларына, айыл чарба коперативдерине берилген жерлеринин ижара акчасынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329-НИ буйругуна негиз 10 коэффициент менен бекитилсин
4 Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5 Бул токтомдун аткаруу жагы жер адиси А.Абдырахмановго милдеттендирилсин.
6 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы Ч.Кадыркуловго милдеттендирилсин.
Төрага:
К.Карабаев.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Айыл Чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы 329-ни "Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фонду үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана…Приказ · 19.09.2022 · № 329-ни · Күчүн жоготкон