# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын аймагына медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып келүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын аймагына медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып келүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 735
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019217>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36197/edition/22967/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230019217.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын аймагына медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып келүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (06.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019217

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 6-декабры № 735

Кыргыз Республикасынын аймагына медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып келүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө

"Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесин, "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагына медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып келүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 13-декабрындагы № 96 (3651) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
