# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 734 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча контрактты банктык коштоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 734 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча контрактты банктык коштоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 734
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019186>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36174/edition/22933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230019186.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 734 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча контрактты банктык коштоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (04.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019186

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 4-декабры № 734

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча контрактты банктык коштоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Мамлекеттик башкаруу секторунун мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү жөнүндө контракттар боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүсүнүн механизмдерин жөнөкөйлөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контракты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 381 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 455-т тескемеси.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 94 (3649) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
