# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 741 "Адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 741 "Адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 741
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230019092>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36110/edition/22845/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230019092.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 741 "Адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому (06.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230019092

---

Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана "Кыргыз Республикасындагы адал индустрия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүгү күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 6-декабры № 741 Адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө "Кыргыз Республикасындагы адал индустрия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "адал" стандарттарына шайкештигин сертификаттоо, маркалоо системасын жүргүзүүнүн, ишке ашыруунун жана аны өлкөлөр арасында өз ара таануунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-сентябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Халал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо системасын ишке ашыруу маселелери жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 719 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-сентябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Халал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо системасын ишке ашыруу маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана "Кыргыз Республикасындагы адал индустрия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүгү күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 13-декабрындагы № 96 (3651) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
