# Үч-Коргон айылдык кенешинин 2024-жылдын 24-июлундагы №7/4 "Үч-Коргон айыл аймагындагы төмөнкү канал арыктарды Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жана коргоо зонасын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Үч-Коргон айылдык кенешинин 2024-жылдын 24-июлундагы №7/4 "Үч-Коргон айыл аймагындагы төмөнкү канал арыктарды Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жана коргоо зонасын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7/4
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018999>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-36027/edition/22751/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үч-Коргон айылдык кенешинин 2024-жылдын 24-июлундагы №7/4 "Үч-Коргон айыл аймагындагы төмөнкү канал арыктарды Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жана коргоо зонасын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (24.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018999

---

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

2024-жылдын 24-июлу № 7/1

Үч-Коргон айыл аймагындагы төмөнкү канал арыктарды Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жана коргоо зонасын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2024-жыл 12-июлундагы Чыг:№01-04/240 кайрылуу катындагы маселени депутаттар толугу менен талкуулап, Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Үч-Коргон айыл аймагындагы төмөнкү канал арыктарды Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жана коргоо зонасын бекитүүгө айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистери менен биргеликте бекитүүгө макулдук берилсин. (тизме тиркелет)

2. Тиешелүү иш кагаздарын толуктап, даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы О.Шакировго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайым

М.Кочконова

Үч-Коргон айылдык кеңешинин “\_\_\_\_”\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_2024-жыл №\_\_\_\_\_\_\_\_\_тотоктомуна тиркеме.

“Үч-Коргон-Исфайрам” СПА-сынын балансындагы канал жана арыктар тизмеси

“\_\_\_”\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_2024ж

№ п/п

КДС, каналдардын жана арыктардын аталышы

Узундугу (км)

Коргоолучу аймагы (метр) жээктен

Сыгымдуулугу (л/с)

1.

“Эшан” каналы

10

4\*4

500

2.

“Руздаркан” каналы

7,5

4\*3

680

3.

“Жаңы” Сайдуллаев Ф каналы

5,5

4\*3

500

4.

“Тегирмеч” каналы Тегирмеч айылы

1,6

2\*2

200

5.

“Күнгөй” каналы

2,4

4\*4

360

6.

КДС (коллекторно дренажный сет)

18,6

6\*6

7.

Арыктар СПА боюнча жалпы

15,4

1,5\*1,5

60

8.

Жалпы:

61,0

2600 л/с

“Үч-Коргон-Исфайрам” СПА сынын директору: Ж.М.Саматов.
