# Ак-Турпак айылдык кенешинин 2024-жылдын 29-августундагы №22 "Ак-Турпак айыл аймагындагы №12 “Пидап” жана №13 “Түтөк” сел сактоочу курулмалардын плотиналары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Турпак айылдык кенешинин 2024-жылдын 29-августундагы №22 "Ак-Турпак айыл аймагындагы №12 “Пидап” жана №13 “Түтөк” сел сактоочу курулмалардын плотиналары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018935>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35964/edition/22686/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Турпак айылдык кенешинин 2024-жылдын 29-августундагы №22 "Ак-Турпак айыл аймагындагы №12 “Пидап” жана №13 “Түтөк” сел сактоочу курулмалардын плотиналары жөнүндө" токтому (29.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018935

---

АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Актурпак айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2024-жылдын 29-августу № 22 Ак-Турпак айыл аймагындагы №12 “Пидап” жана №13 “Түтөк” сел сактоочу курулмалардын плотиналары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 3 “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо” жөнүндөгү Жарлыгын аткарууга алып жана таянып, айыл аймагында ишмердүүлүк жүргүзүп келе жаткан ишкерлерди колдоо жана Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин көтөрүү максатында айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

1. Ак-Турпак айыл аймагындагы №12 “Пидап” жана №13 “Түтөк” сел сактоочу курулмалардын ээлеген жер аянттары (плотиналары менен кошо) айыл өкмөтүнүн балансында калтырылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ш.Маккамбаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.

Төрага

А. Имаров
