# Ак-Турпак айылдык кенешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги №9 "Ак-Турпак айыл аймагынын “Жалаң-Конуш” жана “Боз-Камар” участкаларындагы жалпы 669,30 га жер аянтын бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Турпак айылдык кенешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги №9 "Ак-Турпак айыл аймагынын “Жалаң-Конуш” жана “Боз-Камар” участкаларындагы жалпы 669,30 га жер аянтын бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018902>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35933/edition/22655/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Турпак айылдык кенешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги №9 "Ак-Турпак айыл аймагынын “Жалаң-Конуш” жана “Боз-Камар” участкаларындагы жалпы 669,30 га жер аянтын бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (04.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018902

---

АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Актурпак айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

2024-жылдын 4-апрели № 9 Ак-Турпак айыл аймагынын “Жалаң-Конуш” жана “Боз-Камар” участкаларындагы жалпы 669,30 га жер аянтын бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак-Турпак айыл аймагында өндүрүштүк муктаждыктарды канааттандыруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер” категориясына, “Жалаң-Конуш” жана “Боз-Камар” участкаларындагы жалпы 669,30 га жер аянтын которуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесине ылайык, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде, Ак-Турпак айыл аймагындагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер” категориясына, “Жалаң-Конуш” участкасынан 439,30 га жана “Боз-Камар” участкасынан 230,0 га жалпы 669,30 га жер аянтын которууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

Төрага

А. Имаров
