# Ак-Турпак айылдые кенешинин 2024-жылдын 1-февралындагы №7 "Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын 4-декабрындагы кезексиз XV сессиясынын № 30 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Турпак айылдые кенешинин 2024-жылдын 1-февралындагы №7 "Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын 4-декабрындагы кезексиз XV сессиясынын № 30 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018900>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35931/edition/22653/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Турпак айылдые кенешинин 2024-жылдын 1-февралындагы №7 "Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын 4-декабрындагы кезексиз XV сессиясынын № 30 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (01.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018900

---

АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Актурпак айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2024-жылдын 1-февралы № 7 Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын 4-декабрындагы кезексиз XV сессиясынын № 30 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

“Кыргызтранснефтегаз” МИсынын директору А.К.Чодоновдун 2023-жылдын 30-ноябрындагы №03-14/117 сандуу сунуш катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы №300 токтомуна, Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлигине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун 2022-жылдын 28-декабрындагы №668-б буйругуна негиз, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн балансында турган нефтебазаны “Кыргызтранснефтегаз” МИсына өткөрүп берүү жөнүндөгү маселени кайрадан карап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

1. Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-декабрындагы №30 сандуу токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин.

2.Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн балансында турган нефтебазаны “Кыргызтранснефтегаз” МИсына өткөрүп берүү жөнүндөгү “Кыргызтранснефтегаз” МИсынын сунуш каты канааттандырылсын.

3. Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А. Имаров
