# Сүлүктү шаардык кенешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы №3 "Сүлүктү шаардык кеңешинин сессияларында кабыл алынуучу токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сүлүктү шаардык кенешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы №3 "Сүлүктү шаардык кеңешинин сессияларында кабыл алынуучу токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 27.11.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018886>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35916/edition/22638/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сүлүктү шаардык кенешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы №3 "Сүлүктү шаардык кеңешинин сессияларында кабыл алынуучу токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө" токтому (27.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018886

---

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сүлүктү шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышы) 1 сессиясы

2024-жылдын 27-ноябры №3

Сүлүктү шаардык кеңешинин сессияларында кабыл алынуучу токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №743 токтому менен кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жургузүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык Сүлүктү шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүлүктү шаардык кеңешинин сессияларында кабыл алынуучу токтомдор мамлекеттик тилде кабыл алынсын.

2. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Сүлүктү шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.suluktu.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасына, шаардык кеңештин аппаратына жүктөлсүн.

Төрага

Б.А. Абдуназаров
