Сүлүктү шаардык кенешинин «Сүлүктү шаардык кеңешинин сессияларында кабыл алынуучу токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сүлүктү шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышы) 1 сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры №3
Сүлүктү шаардык кеңешинин сессияларында кабыл алынуучу токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №743 токтому менен кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жургузүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеңешинин сессияларында кабыл алынуучу токтомдор мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Сүлүктү шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.suluktu.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасына, шаардык кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
Төрага
Б.А. Абдуназаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №743 "Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 08.12.2009 · № 743 · Күчүн жоготкон