Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Утилдештирүү жыйымын төлөөнүн тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 730 токтомуна)
Утилдештирүү жыйымын төлөөнүн ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Утилдештирүү жыйымын төлөөнүн тартиби (мындан ары - Тартип) утилдештирүү жыйымын төлөөнүн, анын ичинде аны эсептөөнүн, төлөө мөөнөтүн, эсептөөнүн тууралыгын, толуктугун жана өз убагында төгүлүшүн контролдоонун тартибин, ошондой эле утилдештирүү жыйымынын ашык төлөнгөн же ашык өндүрүлгөн суммаларын өндүрүп алуунун, эсепке алуунун, кайтаруунун тартибин белгилейт.
2. Товарларды, товарлардын таңгагын өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык утилдештирүү жыйымын төлөйт.
2-глава. Утилдештирүү жыйымын эсептөө
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 322 "Керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын жана товарлардын таңгагынын тизмегин жана товарларды пайдалануудан калган калдыктарды кайра иштетүүнүн ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомунда ТЭИ ТН коду менен тизмеси белгиленген товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүү ченемдеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн утилдештирүү жыйымы товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүү ченемдеринин өз алдынча аткарылышын камсыз кылгандарды кошпогондо, үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоону же Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товарларды ташып келүүнү жүзөгө ашырган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды өндүргөн юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер (мындан ары - төлөөчүлөр) тарабынан төлөнөт.
4. Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигинин оператору (мындан ары - ӨКЖ оператору) - бул Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык утилдештирүү жыйымынын төлөмдөрүн топтоону жана башкарууну жүзөгө ашыруучу, товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүүнү камсыз кылуучу юридикалык жак.
5. Товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүү боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу юридикалык же жеке жактар, жеке ишкерлер тарабынан келишимдерди түзүү аркылуу товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүүнүн ченемдерин аткаруу өз алдынча камсыз кылынган учурда товарларды, товарлардын таңгагын импорттоочу товарларды, товарлардын таңгагын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келген учурдан тартып 15 жумуш күндөн кечиктирбестен келишимдин көчүрмөсүн тиркөө менен мындай келишимдин түзүлгөндүгү жөнүндө кабарламаны ӨКЖ операторуна жиберүүгө милдеттүү.
6. Товарлардын таңгагына карата утилдештирүү жыйымы ушул таңгактагы товарларды өндүргөн жана (же) ташып келген (импорттогон) төлөөчүлөр тарабынан төлөнөт.
7. Колдонууга даяр буюмдар болуп саналбаган таңгактагы товарларга карата утилдештирүү жыйымы таңгактын өзүнө карата гана төлөнөт.
8. Утилдештирүү жыйымы Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылып жаткан товарлардын, товарлардын таңгагынын санына карата төлөнбөйт.
9. Утилдештирүү жыйымын алуу, аны эсептөөнүн тууралыгын, толук жана өз убагында төлөнгөндүгүн контролдоо утилдештирүү жыйымы боюнча ӨКЖ оператору тарабынан жүзөгө ашырылат.
10. Утилдештирүү жыйымын төлөө Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетке акча каражаттарын которуу аркылуу жүзөгө ашырылат.
11. Республикалык бюджеттен утилдештирүү жыйымдарынан түшкөн акча каражаттары ӨКЖ операторунун эсебине которулат, максаттуу мүнөзгө ээ жана атайын арналышка ээ болот.
12. Утилдештирүү жыйымдарын төлөө үчүн эсептердин реквизиттери жөнүндө маалымат ӨКЖ оператору тарабынан Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагындагы (мындан ары - Интернет МТТ) ӨКЖ операторунун расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу төлөөчүлөргө билдирилет.
13. Утилдештирүү жыйымы (Уж) утилдештирүү жыйымынын ставкасын календардык жылда Кыргыз Республикасынын аймагында ички керектөө үчүн сатылган, Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган товардын массасына же календардык жылда Кыргыз Республикасынын аймагында ички керектөө үчүн сатылган, Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган товардын таңгагынын массасына жана отчеттук мезгилде белгиленген жана салыштырмалуу бирдиктерде көрсөтүлгөн кайра иштетүү ченемдерине көбөйтүү аркылуу төмөнкү формулага ылайык эсептелет:
Уж = Суж х Мтв/т х Чки,
мында: Уж - утилдештирүү жыйымы, сом; Суж - товарлардын ар бир тобу жана товарлардын таңгагы боюнча утилдештирүү жыйымынын ставкасы, сом/тонна; МТв/т - Кыргыз Республикасынын аймагында ички керектөө үчүн жүгүртүүгө чыгарылган товардын/товардын таңгагынын массасы, тонна; Чки - товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүү ченемдери товарлардын ар бир тобу боюнча экономикалык шарттарды, адамдын ден соолугу жана айлана-чөйрө үчүн калдыктардын потенциалдуу коркунучун, ошондой эле аларды кайра иштетүүнүн технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 322 "Керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын жана товарлардын таңгагынын тизмегин жана товарларды пайдалануудан калган калдыктарды кайра иштетүүнүн ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-тиркемесине ылайык пайыз менен белгиленген.
14. Утилдештирүү жыйымынын суммасын эсептөө айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилген форма боюнча жүргүзүлөт.
15. Ушул Тартипке ылайык товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды өз алдынча кайра иштетүү боюнча милдеттенме алган товарларды өндүрүүчүлөр, импорттоочулар тарабынан кайра иштетүү ченемдерине жетишилбеген учурда, утилдештирүү жыйымынын ставкасын товарларды пайдалануудан чыккан кайра иштетилген калдыктардын санынын белгиленген жана иш жүзүндөгү жетишилген маанисинин ортосундагы айырмага көбөйтүү аркылуу эсептелген утилдештирүү жыйымын төлөө төмөнкү формулага ылайык каралат:
Уж = Суж х (Сбел - Сиж),
мында: Сбел - кайра иштетилүүгө тийиш товарларды жана товарлардын таңгагын пайдалануудан чыккан калдыктардын белгиленген саны, тонна; Сиж - товарларды жана товарлардын таңгагын пайдалануудан чыккан кайра иштетилген калдыктардын иш жүзүндөгү саны, тонна.
16. Кайра иштетүүнүн ченемдерин өз алдынча аткарууга утилдештирүүчү менен келишим ӨКЖ операторуна берилбеген учурда утилдештирүү жыйымын төлөө жана утилдештирүү жыйымынын суммасынын эсебин берүү төмөнкү мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат:
а) товарларды, товарлардын таңгагын өндүрүүчүлөр тарабынан - квартал сайын, кварталдан кийинки айдын 15инен кечиктирилбестен;
б) товарларды, товарлардын таңгагын импорттоочулар тарабынан - Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды, товарлардын таңгагын иш жүзүндө ташып келүү фактысы боюнча, мындай факт пайда болгон учурдан тартып 15 жумуш күндөн кечиктирилбестен.
17. Утилдештирүү жыйымынын суммасынын эсеби төлөөчүлөр же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды эсепке алуунун бирдиктүү маалыматтык системасында ӨКЖ операторуна берилет же болбосо ал кагаз түрүндө жок болгон учурда отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин (тиркеме тизмеси жана тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо менен) электрондук алып жүрүүчүдөгү тиркеме менен бир нускада берилет. Төлөөчү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү ӨКЖ операторуна утилдештирүү жыйымынын суммасын эсептөөнүн толтурулган формасын берет, ага төмөнкү документтер тиркелет:
а) утилдештирүү жыйымынын төлөгөндүгү жөнүндө төлөм документтеринин көчүрмөлөрү;
б) төлөөчүнүн атынан иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга төлөөчүнүн өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документ.
3-глава. Утилдештирүү жыйымынын ставкасын эсептөө
18. Товардын ар бир тобу, товардын таңгагы боюнча утилдештирүү жыйымынын ставкасы жалгыз буюмду же өзүнүн керектөө касиеттерин жоготкон буюмдун массасынын бирдигин чогултууга, ташууга, иштетүүгө жана кайра иштетүүгө кеткен чыгымдардын орточо суммаларынын негизинде эсептелген. Утилдештирүү жыйымынын ставкасына ушул максаттарга арналган инфраструктура объекттерин түзүүгө чыгымдардын салыштырмалуу чоңдугун кошууга жол берилет.
19. Утилдештирүү жыйымынын ставкалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 322 "Керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын жана товарлардын таңгагынын тизмегин жана товарларды пайдалануудан калган калдыктарды кайра иштетүүнүн ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген тизмеге ылайык керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын ар бир тобу жана товарлардын таңгагы боюнча белгиленген.
20. Чыгарылган товардын (товардын таңгагынын) 1 тоннасына товарлардын тобу, таңгагы боюнча утилдештирүү жыйымынын ставкасы (Суж) төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Суж = Ччог + Чташ + Чки,
мында: Ччог - ташууга кеткен чыгымдарды кошпогондо, калдыктарды чогултууга салыштырмалуу жылдык операциялык жана капиталдык чыгымдар, сом/тонна; Чташ - капиталдык салымдарды (амортизациялык чегерүүлөр түрүндө) жана операциялык чыгымдарды, сом/тонна камтыган калдыктарды ташууга салыштырмалуу жылдык чыгымдар, сом/тонна; Чки - калдыктарды кайра иштетүүгө салыштырмалуу жылдык операциялык жана капиталдык чыгымдар, сом/тонна.
21. Товарларды пайдалануудан белгилүү бир калдыкты чогултууга салыштырмалуу жылдык операциялык чыгымдар, (Ччог) сом/тонна, төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында: Нк - калдыкты чогултуу үчүн бир контейнерди сатып алууга кеткен чыгымдар (нарк), сом; ТКк = 0,02 - калдыкты чогултуу үчүн контейнерлерди техникалык күтүүгө салыштырмалуу жылдык чыгымдар; Счыг - бир жылда чогултуу жерлеринен (аянттарынан) калдыкты чыгаруунун саны, бирдик; Мтоп - калдыкты чогултуу үчүн бир контейнердин орточо сыйымдуулугу, тонна; Тэкс - контейнерди эксплуатациялоонун жалпы долбоордук мөөнөтү, жыл.
22. 1 тонна калдыкты ташууга салыштырмалуу жылдык чыгымдар (Чташ) сом менен жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында: Чкт - товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды ташууга жылдык чыгымдардын суммасы, сом; Мтк - товарларды пайдалануудан чыккан ташылуучу калдыктардын жалпы массасы, тонна.
23. Товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүүгө салыштырмалуу жылдык чыгымдар төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында: ОЧки - калдыктарды кайра иштетүү объекттеринин операциялык чыгымдары, сом, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
- сатып алынуучу энергетикалык ресурстарга чыгымдар;
- эмгекке акы төлөөгө чыгымдар жана инженердик-техникалык кызматкерлердин социалдык муктаждыктарына чегерүүлөр;
- запастык бөлүктөргө жана чыгымдалуучу материалдарга чыгашалар.
Нжал - объекттин жалпы наркы, сом; ДМэкс - объектти эксплуатациялоонун жалпы долбоордук мөөнөтү, жыл; ДКоб - объекттин долбоордук кубаттуулугу, тонна/жыл; К - коэффициенти = 1,5 бул товарды пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүүнүн технологиялык мүмкүнчүлүгүнүн болушуна, товарды таңгактоого, товарларды өндүрүүдө пайдалануу үчүн кайра иштетүүнүн мүмкүн болгон циклдеринин санына жана экинчи чийки затка суроо-талапка жараша аныкталуучу бир же бир нече критерийлер болгон учурда колдонулат.
4-глава. ӨКЖ операторунун, утилдештирүү жыйымын төлөөчүнүн укуктары жана милдеттери
24. ӨКЖ оператору өзүнүн "Интернет" МТТ расмий сайтында утилдештирүү жыйымынын суммасын эсептөө формасын, аны толтуруу боюнча нускаманы, утилдештирүү жыйымынын ставкасын жайгаштырууну камсыз кылат.
25. Утилдештирүү жыйымынын суммасынын эсеби кагаз түрүндө берилген дата болуп ӨКЖ операторунун кагазга түшүрүлгөн датасын көрсөтүү менен алгандыгы жөнүндө белгиси же почта жиберүүсүнүн датасы эсептелет.
26. Утилдештирүү жыйымынын суммасын эсептөөнүн тууралыгын, анын толуктугун жана өз убагында төгүлүшүн ӨКЖ оператору утилдештирүү жыйымынын суммасын эсептөө берилген күндөн тартып 3 айдын ичинде контролдойт.
27. ӨКЖ оператору утилдештирүү жыйымынын суммасын эсептөөнүн тууралыгын, аны ӨКЖ операторунун карамагында болгон жана (же) товарларды декларациялоодо жана товарларды таңгактоодо, кайра иштетүүнүн ченемдеринин аткарылышы жөнүндө отчет берүүдө (мындан ары - ченемдер жөнүндө отчет) жана кайра иштетүүнүн белгиленген ченемдеринин аткарылышын контролдоодо белгиленген тартипте алган маалыматтарды эске алуу менен анын толук жана өз убагында киргизилишин контролдойт.
28. Утилдештирүү жыйымынын суммасын эсептөөнүн тууралыгын, анын толук жана өз убагында төгүлүшүн контролдоо утилдештирүү жыйымынын суммасынын эсебинин толуктугун жана туура толтурулушун жана аны берүү мөөнөттөрүнүн сакталышын текшерүү аркылуу ӨКЖ оператору тарабынан жүзөгө ашырылат, мында утилдештирүү жыйымынын суммасынын эсебинин курамында төлөөчү берген маалыматтардын жана эсептөөлөрдүн жана ага тиркелүүчү документтердин ушул Тартипте белгиленген талаптарга ылайык келиши белгиленет, ошондой эле утилдештирүү жыйымынын өз убагында жана толук төгүлүшүнө текшерүү жүргүзүлөт.
29. Эгерде ушул Тартиптин 27-пунктунда көрсөтүлгөн утилдештирүү жыйымынын суммасын эсептөөнүн тууралыгын, аны толук жана өз убагында төгүүнү контролдоону жүзөгө ашырууда төмөнкүдөй бузуулар табылган учурда:
а) эсептөөлөрдү аткарууда кетирилген каталардын жана утилдештирүү жыйымынын суммасын эсептөөдө камтылган маалыматтар менен ӨКЖ операторунун карамагында болгон жана (же) товарларды декларациялоодо жана товарларды таңгактоодо, ченемдер жөнүндө отчет берүүдө жана кайра иштетүүнүн белгиленген ченемдеринин аткарылышын контролдоодо белгиленген тартипте алган маалыматтардын ортосундагы карама-каршылыктардын (дал келбестиктердин) фактылары;
б) утилдештирүү жыйымын төлөбөө, толук эмес көлөмдө төлөө же өз убагында төлөбөө фактылары;
в) эсептелген жана (же) төлөнгөн утилдештирүү жыйымынын өлчөмүн жогорулатуу фактысы.
30. ӨКЖ оператору бузуу фактысы аныкталган учурдан тартып 3 күндүн ичинде утилдештирүү жыйымынын төлөөчүсүнө маалымат берүү жана/же утилдештирүү жыйымын төлөө жөнүндө талапты жиберет.
31. Юридикалык жак, жеке ишкер, жеке жак мындай талапты алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде утилдештирүү жыйымынын суммасын эсептөөгө карата тиешелүү негиздүү түшүндүрмөлөрдү ӨКЖ операторуна жөнөтөт, 29-пункттун "а" пунктчасында көрсөтүлгөн фактыларды четтетүү үчүн ага оңдоолорду киргизүү жана (же) утилдештирүү жыйымынын суммасынын эсебине өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен ӨКЖ операторуна кайрадан жөнөтүлөт, 29-пункттун "б" пунктчасында көрсөтүлгөн фактылар табылган учурда утилдештирүү жыйымы боюнча жана (же) карыздарды жоюуну карайт.
32. Эгерде утилдештирүү жыйымынын суммасын эсептөө төлөөчү тарабынан берилсе, ага карата утилдештирүү жыйымынын суммасын эсептөөнүн тууралыгын, анын толук жана өз убагында төгүлүшүн кагаз жүзүндө контролдоо жүргүзүлсө, талап ӨКЖ оператору тарабынан төлөөчүгө тапшырылгандыгы жөнүндө билдирүү менен почта аркылуу жөнөтүлөт.
33. Талап менен макул болбогон учурда төлөөчү мындай талапты алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде утилдештирүү жыйымынын суммасын эсептөөнүн негиздүүлүгүн, утилдештирүү жыйымын төлөөнүн негиздүүлүгүн ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн, ошондой эле төлөөчү берген маалыматтардын ушул Тартиптин 27-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбестигинин себептери жөнүндө түшүндүрмөлөрдү ӨКЖ операторуна жиберет.
34. Эгерде төлөөчү тарабынан берилген ондоолорду, түшүндүрмөлөрдү ушул Тартиптин 33-пунктунда каралган документтердин көчүрмөлөрүн карап чыккандан кийин, ӨКЖ оператору тарабынан каталар жана (же) карама-каршылыктар (дал келбестиктер) табылган, же болбосо төлөөчү тарабынан берилген маалыматтардын ушул Тартиптин 27-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбестиги аныкталган, же болбосо төлөөчү тарабынан ушул Тартиптин 29-пунктунун "б" пунктчасында көрсөтүлгөн талап аткарылбагандыгы аныкталса, ӨКЖ оператору утилдештирүү жыйымын сот тартибинде өндүрүп алуу жол-жобосун баштайт.
35. Ушул Тартиптин 29-пунктунун "в" пунктчасында көрсөтүлгөн факт аныкталган учурда ӨКЖ оператору контролдоо акты менен бир убакта төлөөчүгө алдыдагы төлөмдөрдүн эсебине ашыкча төлөнгөн утилдештирүү жыйымынын суммасын эсепке алууну сунуш кылган кат жөнөтөт.
36. Төлөөчү ушул Тартиптин 35-пунктунда көрсөтүлгөн ӨКЖ операторунун сунушуна макул болбогон учурда, ал ӨКЖ операторуна ашыкча төлөнгөн утилдештирүү жыйымынын суммасын кайтарып берүү жөнүндө арыз жөнөтүүгө укуктуу.
37. Утилдештирүү жыйымын төлөө ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымынын суммасын эсепке алуу менен төлөөчү тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн. Ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымынын суммасы утилдештирүү жыйымы боюнча төлөөчүнүн боло турган төлөмдөрүнүн эсебине чегерилүүгө же төлөөчүгө кайтарылууга тийиш
38. Ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымынын суммасын эсепке алуу же кайтаруу ӨКЖ оператору утилдештирүү жыйымынын суммасынын эсептөөлөрүн биргелешип салыштырып текшерүү жөнүндө төлөөчүнүн арызынын негизинде утилдештирүү жыйымынын суммасын эсепке алууну же кайтарууну жүргүзөт.
5-глава
Утилдештирүү жыйымынын суммасын эсептешүүлөрүн биргелешип салыштырып текшерүү жөнүндө арыз берүүнүн мөөнөттөрү жана тартиби
39. Утилдештирүү жыйымынын суммасын эсептөөнү биргелешип салыштырып текшерүү жөнүндө арыз төлөөчү тарабынан жөнөкөй электрондук кол тамга менен кол коюлган электрондук документтер түрүндө "Интернет" МТТ аркылуу берилет.
40. "Интернет" МТТны пайдаланууга техникалык мүмкүнчүлүк болбогон учурда утилдештирүү жыйымынын суммасынын эсебин биргелешип салыштырып текшерүү жөнүндө арыз төлөөчү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан товарларды жана товарлардын таңгагы декларациялоо жүзөгө ашырылуучу кагаздар ӨКЖ операторуна кагаз жүзүндө бир нускада берилет.
41. Утилдештирүү жыйымынын суммасын биргелешип салыштырып текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө арызда төлөөчү (өзүнүн тандоосу боюнча) салыштыруу актысын алуу формасын көрсөтөт (жеке колуна берүү, почта аркылуу жөнөтүү, "Интернет" МТТ аркылуу жөнөтүү).
42. Ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымынын суммасын утилдештирүү жыйымы боюнча боло турган төлөмдөрдүн эсебине эсепке алуу төлөөчүнүн ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымынын суммасын эсепке алуу жөнүндө арызынын негизинде жөнөкөй электрондук кол тамга менен кол коюлган электрондук документтер түрүндө "Интернет" МТТ аркылуу берилет.
43. Ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилизациялык жыйымдын суммасын эсепке алуу жөнүндө берилген арызга ылайык утилдештирүү жыйымынын администратору ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымынын суммасын алдыдагы төлөмдөрдүн эсебине эсепке алууну жүргүзөт, бул жөнүндө төлөөчүгө көрсөтүлгөн арызды алган күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде ашык төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымынын суммасын эсепке алуу жөнүндө чечимди жиберүү жолу менен кабарлайт. Эгерде ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымын эсепке алуу жөнүндө арызда көрсөтүлгөн суммалар ушул Тартиптин 35-пунктуна ылайык жүргүзүлгөн эсептешүүлөрдү биргелешкен салыштыруунун натыйжалары боюнча аныкталган жана салыштыруу актысында көрсөтүлгөн төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымынын суммалары менен дал келбесе, ӨКЖ оператору ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымынын суммасын эсепке алуу жөнүндө арызды алган күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде төлөөчүгө, анда ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымынын суммасын алдыдагы төлөмдөрдүн эсебине эсепке алуунун мүмкүн эместиги жөнүндө билдирет.
44. Ашык төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымынын суммасы утилдештирүү жыйымынын суммасын эсептөөнү ушул Тартиптин 37-пунктунда белгиленген тартипте биргелешкен салыштыруу жүргүзүлгөндөн кийин жана ашык төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымынын суммасын кайтаруу жөнүндө төлөөчүнүн арызынын негизинде (ушул Тартиптин 47-пунктунда көрсөтүлгөн ырастоочу документтерди тиркөө менен) ӨКЖ оператору мындай арызды алган күндөн тартьга бир айдын ичинде төлөөчүгө кайтарылууга тийиш.
45. Ушул Тартиптин 44-пунктунда көрсөтүлгөн арыз төлөөчү же анын өкүлү тарабынан утилдештирүү жыйымы акыркы жолу төлөнгөн (өндүрүлгөн) күндөн тартып 3 жылдын ичинде документтерди тиркөө менен ӨКЖ операторуна берилиши мүмкүн:
а) утилдештирүү жыйымынын төлөнүүгө тийиш болгон утилдештирүү жыйымынын өлчөмүнөн ашкан өлчөмдө төлөнүшүн (өндүрүп алууну), ошондой эле утилдештирүү жыйымынын жаңылыш төлөнүшүн (өндүрүп алууну) аныктоого мүмкүндүк берүүчү;
б) арызга же көрсөтүлгөн документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнө кол койгон адамдын ыйгарым укуктарын ырастоочу;
в) эгерде ушул Тартиптин 47-пунктунда көрсөтүлгөн арыз төлөөчүнүн өкүлү тарабынан берилсе, төлөөчүнүн атынан иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктарды ырастоочу документтер берилет.
46. Ушул Эрежелердин 43-пунктунда көрсөтүлгөн ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымынын суммасын кайтаруу жөнүндө арызды алган күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде, ӨКЖ оператору:
а) ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымынын суммасын кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алат жана аны төлөөчүгө жиберет;
б) ашык төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымынын суммасын кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат жана арызда ушул Тартиптин 45-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл маалыматтар жана (же) документтер берилбеген учурда, ошондой эле салыштыруу акты жок болгон учурда аны төлөөчүгө жиберет.
47. Ушул Тартиптин 46-пунктунда белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин бул сумманы кайтаруу жөнүндө ӨКЖ операторунун чечиминин негизинде таризделген ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымынын суммасын кайтарып берүүнү жүзөгө ашыруу тапшырмасы ӨКЖ оператору тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына төлөөчүгө арызда көрсөтүлгөн эсепке кайтарып берүү үчүн жиберилүүгө тийиш.
48. "Интернет" МТТ пайдаланууга техникалык мүмкүнчүлүк жок болгон учурда, ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымынын суммасын эсепке алуу (кайтарып берүү) жөнүндө арыз төлөөчү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан товарларды декларациялоо жана товарлардын таңгагы жүзөгө ашырылуучу ӨКЖ операторуна кагаз жүзүндө бир нускада берилет.
49. Эгерде ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымынын суммасын эсепке алуу (кайтаруу) жөнүндө арыз ӨКЖ операторуна кагаз түрүндө берилсе, ашык төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымынын суммасын эсепке алуу жөнүндө чечим, ашык төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымынын суммасын кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим, ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымынын суммасын кайтарып берүү жөнүндө чечим кагаз жүзүндө төлөөчүгө жиберилет.
50. Ашыкча төлөнгөн утилдештирүү жыйымын кайтарып берүү Кыргыз Республикасынын валютасында жүргүзүлөт. Ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымы кайтарылганда ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) утилдештирүү жыйымынын пайыздары төлөнбөйт, суммалар индексацияланбайт.
51. Утилдештирүү жыйымын төлөбөгөн, толук эмес көлөмдө төлөгөн жана (же) төлөөчү тарабынан утилдештирүү жыйымынын суммасынын эсеби Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып кирген, товарларды таңгактаган учурдан тартып 15 жумуш күндөн кечиктирбестен берилбегенде ӨКЖ оператору төлөөчүгө карызды ыктыярдуу төлөө жана утилдештирүү жыйымынын суммасынын эсебин берүү жөнүндө талапты жиберет. Эгерде төлөөчү карызды ыктыярдуу төлөө жөнүндө талапты алган күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде көрсөтүлгөн карызды ыктыярдуу тартипте жойбосо, ӨКЖ оператору карызды сот тартибинде өндүрүп алууну жүзөгө ашырат.
6-глава. Утилдештирүү жыйымын төлөө тартибин бузуу үчүн жоопкерчилик
52. Ушул Тартиптин ченемдери жана талаптары бузулган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинде каралган таасир этүү чаралары колдонулат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндөЗакон · 15.08.2023 · № 181
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 322 "Керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын жана товарлардын…Постановление · 19.06.2024 · № 322
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 730 "Утилдештирүү жыйымын төлөөнүн тартибин бекитүү жана керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра…Постановление · 03.12.2024 · № 730