Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында медиацияны өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 10-декабры № 750
Кыргыз Республикасында медиацияны өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 47 “2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программасы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген “2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында медиацияны өнүктүрүү концепциясы (мындан ары – Концепция) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо: 1-пункт “жазык-аткаруу иштери,” деген сөздөрдөн кийин “ошондой эле медиация жаатында,” деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
– бир айлык мөөнөттө Концепцияны ишке ашыруу боюнча
иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин;
– өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык жана жергиликтүү бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 13-декабрындагы № 96 саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна)Положение · 05.03.2021 · № 78
- Кыргыз Республикасында медиацияны өнүктүрүү концепциясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 750 токтомуна)Концепция · 10.12.2024 · № 750
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ № 47 "2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу…Указ · 03.03.2023 · № 47