# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 749 "Консультациялык-диагностикалык, дарылоо, психикалык-профилактикалык жана реабилитациялык жардамдын алкагында ооруканадан тышкары жана стационардык шарттарда дарылоо үчүн психикалык жана жүрүм-турум бузулууларынын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 749 "Консультациялык-диагностикалык, дарылоо, психикалык-профилактикалык жана реабилитациялык жардамдын алкагында ооруканадан тышкары жана стационардык шарттарда дарылоо үчүн психикалык жана жүрүм-турум бузулууларынын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 749
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018828>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35892/edition/22562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230018828.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 749 "Консультациялык-диагностикалык, дарылоо, психикалык-профилактикалык жана реабилитациялык жардамдын алкагында ооруканадан тышкары жана стационардык шарттарда дарылоо үчүн психикалык жана жүрүм-турум бузулууларынын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому (10.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018828

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 10-декабры № 749

Консультациялык-диагностикалык, дарылоо, психикалык-профилактикалык жана реабилитациялык жардамдын алкагында ооруканадан тышкары жана стационардык шарттарда дарылоо үчүн психикалык жана жүрүм-турум бузулууларынын тизмегин бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 76-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.Консультациялык-диагностикалык, дарылоо, психикалык-профилактикалык жана реабилитациялык жардамдын алкагында ооруканадан тышкары жана стационардык шарттарда дарылоо үчүн психикалык жана жүрүм-турум бузулууларынын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында ишке ашырылат.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 96 (3651) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
