# Мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 595 токтомуна)

- Толук аталышы: Мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 595 токтомуна)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 595
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018802>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230018802/edition/22527/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230018802.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 595 токтомуна) (30.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018802

---

Тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 595 токтомуна)

Мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо жаштарды жарандуулукка жана мекенчилдикке тарбиялоого, руханий-адеп-ахлактык тарбиялоого, интеллектуалдык, чыгармачылык жана физикалык өнүгүүгө, сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга, ошондой эле жаштардын билим алуу муктаждыктарын канааттандырууга көмөк көрсөтүүгө багытталган мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартибин аныктайт.

2. Жаштардын, жаштар уюмдарынын, ошондой эле жаштарды колдогон жеке жана юридикалык жактардын демилгелерин мамлекеттик колдоо мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жылына бир жолу конкурстук негизде жүзөгө ашырылат.

3. Жаштар саясаты жаатындагы мамлекеттик жана муниципалдык программаларды иштеп чыгууга жаштар уюмдары, жаштар, ошондой эле иши жаштар саясатын ишке ашыруу менен байланышкан жеке жана юридикалык жактар катышат.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн жана уюштуруунун тартиби

4. Мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштар демилгелерин (мындан ары - жаштар демилгелери) мамлекеттик колдоо конкурстук негизде жүзөгө ашырылат.

5. Жаштар демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө конкурстун (мындан ары - конкурс) уюштуруучусу болуп жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) эсептелет.

6. Конкурсту өткөрүү жана координациялоо үчүн жоопкерчилик ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.

7. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык конкурс өткөрүү үчүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жаштар чөйрөсүндөгү уюмдар менен өз ара аракеттенет.

8. Конкурска жаштар уюмдары, айрым жаштар өкүлдөрү, ошондой эле иши жаштар саясатын ишке ашыруу менен байланышкан, бул чөйрөдө бир жылдан кем эмес иш стажы бар жеке жана юридикалык жактар (мындан ары - аткаруучулар) катыша алат.

9. Конкурс жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте конкурс башталганга чейин бир айдан кечиктирилбестен жайгаштырылат.

10. Өтүнмөлөр ушул Жобонун 1, 2-тиркемелерине ылайык форма боюнча кабыл алынат. Конкурска катышууга өтүнмөнү кабыл алуу датасы болуп ыйгарым укуктуу орган тарабынан өтүнмө катталган күн саналат.

11. Ыйгарым укуктуу орган келип түшкөн өтүнмөлөрдүн реестрин жүргүзөт жана документтердин толук топтомун алгандан кийин аларды конкурстук комиссияга өткөрүп берет.

12. Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин келип түшкөн конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөр кабыл алынбайт.

3. Конкурска катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана каржылоону ишке ашыруу

13. Жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн жаштардын демилгелерин тандоо боюнча 5 адамдан турган конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) бир жылдык мөөнөткө түзүлөт.

14. Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кураторлук кылган орун басары тарабынан бекитилет.

15. Комиссиянын курамына жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси - комиссиянын төрагасы, жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары - төраганын орун басары, ошондой эле көз карандысыз эксперттер кирет.

16. Конкурстук комиссиянын жыйыны жылына бир жолу өткөрүлөт. Комиссиянын жыйыны, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, укуктуу болуп эсептелет. Комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү ага добуш берсе, чечим кабыл алынды деп эсептелет.

17. Комиссия конкурска катышуучулардын санына жараша 10дон көп эмес жаштардын демилгесин тандай алат. Жаштардын демилгелерин баалоо жана тандоо комиссия тарабынан алардын актуалдуулугуна жана социалдык маанилүүлүгүнө жараша төмөнкү критерийлер боюнча жүзөгө ашырылат:

- жаштардын демилгелерин ишке ашырууга тартылган жаш жарандардын саны;

- жаштардын демилгесин аткаруучунун тажрыйбасы жана компетенттүүлүгү;

- жаштардын демилгесин ишке ашыруудан күтүлүүчү социалдык, экономикалык жана башка натыйжалар (жаштар демилгеси тарабынан каралган иштин натыйжасында социалдык, экономикалык жана башка чөйрөлөрдөгү күтүлүүчү өзгөрүүлөр);

- жаштардын демилгесин ишке ашыруунун натыйжаларынын калкка жеткиликтүүлүгү;

- жаштардын демилгесин ишке ашыруу процессине өнөктөштөрдүн кеңири чөйрөсүн (анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, уюмдарды, жарандарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды жана калктын башка аялуу топторун) тартуу;

- жаштар демилгесин ишке ашыруунун алкагында сунушталган методдордун жаңычылдыгы;

- өздүк салымдын жана кошумча ресурстардын болуусу.

18. Комиссиянын жыйыны протокол менен таризделет, ага комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн колу коюлат жана бир жумалык мөөнөттө ыйгарым укуктуу органдын сайтында жарыяланат.

19. Ыйгарым укуктуу орган конкурсту өткөрүүдө төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) конкурстун бардык катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга;

2) конкурстун жол-жоболорунун айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылууга.

4. Конкурска катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана каржылоону жүзөгө ашыруу

20. Конкурска катышууга өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелет:

1) юридикалык жактар үчүн:

- юридикалык жактын (уюмдун) толук жана кыскартылган аталышы, анын жайгашкан жери, электрондук почтасынын дареги, банк эсебинин номери, байланыш маалыматтары;

- юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк (жаштар уюмдарына карата);

- жаштар демилгесин ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжаны, жаштар демилгесин ишке ашыруу мөөнөттөрүн, жаштар демилгесин ишке ашыруу аймагын (облус, район, шаар ж.б.) камтыган маалыматтар;

- жаштар демилгесин ишке ашырууга кеткен чыгымдардын сметасынын долбоору;

- жаштар демилгесин ишке ашыруу планы;

2) жеке жактар үчүн:

- паспорттун көчүрмөсү;

- соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат;

- жаштар демилгесин ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжаны, жаштар демилгесин ишке ашыруу мөөнөттөрүн, жаштар демилгесин ишке ашыруу аймагын (облус, район, шаар ж.б.) камтыган маалыматтар;

- жаштар демилгесин ишке ашырууга кеткен чыгымдардын сметасынын долбоору;

- жаштар демилгесин ишке ашыруу планы.

21. Өтүнмөлөр төмөнкү учурларда четке кагылышы мүмкүн:

- ушул Жободо белгиленген талаптарга жана конкурстун шарттарына ылайык келбегенде;

- талапкер тарабынан анык эмес (жалган) маалымат берилсе.

22. Жаштар демилгелерин ишке ашыруу үчүн каржылоо алуу максатында ыйгарым укуктуу орган аткаруучулар менен жаштар демилгесин ишке ашыруу келишимин (мындан ары - келишим) түзөт. Келишимде төмөнкү шарттар камтылууга тийиш:

- тараптардын маалыматтары, ошондой эле алардын ыйгарым укуктары;

- келишимдин предмети, күтүлүүчү натыйжалар жана максаттар (жаштар демилгесинин мазмуну, мамлекеттик жана муниципалдык программалардын максаттарына ылайык келүүсү, бюджет ж.б.);

- тараптардын милдеттери жана укуктары;

- каржылоону берүү тартиби жана мөөнөттөрү, ошондой эле пайдаланылбаган каражаттарды кайтарып берүү шарттары;

- жаштар демилгесин ишке ашыруу мөөнөттөрү, ошондой эле аралык этаптары жана отчеттуулук мөөнөттөрү;

- жаштар демилгесин ишке ашыруу боюнча отчеттуулукка карата талаптар;

- келишимдин шарттарынын аткарылышын контролдоо тартиби;

- жаштар демилгесин ишке ашыруу жана келишимдин шарттарын бузуу үчүн тараптардын жоопкерчилиги;

- келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бузуу шарттары, талаш-тартыштарды чечүү;

- жаштар демилгесин ишке ашыруу менен байланышкан маалыматтын купуялуулук шарттары;

- келишимдин колдонуу мөөнөтүн көрсөтүү менен корутунду жоболор.

23. Келишимге жаштар демилгесин ишке ашырууга суммасы 200000 сомдон ашпаган чыгымдардын сметасы тиркелет. Каржылоо ушул сметанын негизинде жүзөгө ашырылат.

24. Жаштар демилгелерин ишке ашыруу ыйгарым укуктуу органга тиешелүү жылга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

25. Жаштардын демилгелерин ишке ашырууда каржылоо мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программалардын төмөнкү багыттарына ылайык жүзөгө ашырылат:

- жаштардын арасында этностор аралык тынчтыкка жана ынтымакка чакырган, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо принциптерине негизделген этномаданий долбоорлор;

- айлана-чөйрөнү коргоого, экологиялык аң-сезимди өнүктүрүүгө, туруктуу өнүктүрүү принциптерин киргизүүгө багытталган долбоорлор;

- балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн иш көндүмдөрүнө жана уюшулбаган жаштарды жашоо көндүмдөрүнө адаптациялоо боюнча билим берүү курстары;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жаштарды эмгек көндүмдөрүнө окутуу жана алар үчүн жумуш орундарын түзүү боюнча иш-чаралар;

- жаштардын идеяларын ишке ашыруу үчүн заманбап технологияларга жана инновациялык ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган долбоорлор;

- жаштардын маданий жана чыгармачылык демилгелерин колдоого, анын ичинде фестивалдарды, көргөзмөлөрдү жана конкурстарды уюштурууга (өткөрүүгө) багытталган долбоорлор.

26. Республикалык бюджеттин каражаттарын ушул Жобонун 25-пунктунда каралбаган багыттар боюнча жаштар демилгелерин ишке ашырууга пайдаланууга тыюу салынат.

27. Каржылоо өзүнчө бөлүктөр менен жүргүзүлгөн учурда жаштар демилгесин ишке ашыруу үчүн аткаруучуну кезектеги каржылоо мурда берилген каражаттардын пайдаланылгандыгы жөнүндө отчет берилгенден кийин жүзөгө ашырылат.

28. Келишим боюнча акыркы эсептешүү мурда которулган аванс (аванстык төлөмдөр) өздөштүрүлгөндөн жана аткаруучу тарабынан келишимде бекитилген форма боюнча отчеттуулук берилгенден кийин жүргүзүлөт.

29. Аткаруучулар келишимдик милдеттенмелердин сакталышы, жаштар демилгелерин ишке ашырууга алынган республикалык бюджеттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат жана келишимге ылайык жаштар демилгелерин ишке ашырууга бюджеттик каражаттардын пайдаланылышын ырастаган документтерди тиркөө менен ыйгарым укуктуу органга отчет берет.

30. Жаштар демилгесин ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттардын пайдаланылбаган бөлүгү жаштар демилгесин ишке ашыруу мөөнөтү аяктагандан кийин үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын эсебине кайтарылууга тийиш.

31. Аткаруучулар пайдаланылбаган каражаттарды ыйгарым укуктуу органга өз убагында жана толук кайтарып берүү үчүн жоопкерчилик тартат.

5. Корутунду жоболор

32. Конкурска берилген өтүнмөлөр жана документтер кайтарылбайт.

33. Конкурска катышууга өтүнмө жиберүү потенциалдуу аткаруучунун конкурстун бардык шарттары жана ушул Жобо менен макул экендигин билдирет.

Мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме

Жеке жактар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө конкурска катышуу үчүн ӨТҮНМӨ

Берилген өтүнмөнү карап чыгып, мени мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө конкурска катышуучулардын арасына киргизүүнү өтүнөм.

Өтүнмө ээсинин аты-жөнү

Өтүнмө ээсинин жашаган жеринин дареги (иш жүзүндө)

Өтүнмө ээсинин e-mail

Байланыш телефону (моб.)

Жаштар демилгесинин аталышы

Мен Мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жободо жазылган конкурстун шарттары менен таанышканымды жана макулдугумду ырастайм. Ушул өтүнмөдө көрсөткөн бардык маалымат анык экенин ырастайм. Конкурстук комиссиянын жаштардын демилгелерин тандоо боюнча чечими акыркы чечим экенине макулмун.

Жаштардын демилгесинин (идеясынын) кыскача сыпаттамасы (1000 сөздөн көп эмес): \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жаштардын демилгесин ишке ашыруудагы күтүлүүчү натыйжалар (500 сөздөн көп эмес): \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Социалдык-экономикалык проблемаларды чечүүнүн сыпаттамасы (500 сөздөн көп эмес); \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жаштардын демилгесин ишке ашыруу мөөнөттөрү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жаштардын демилгесин ишке ашыруу аймагы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жаштардын демилгесин ишке ашырууга кеткен чыгымдардын суммасы (сом менен) \_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Кошумча маалыматтар жана комментарийлер (500 сөздөн көп эмес): \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Ушул өтүнмөгө төмөнкүдөй документтер тиркелет:

1) паспорттун көчүрмөсү;

2) соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат;

3) жаштардын демилгесин ишке ашырууга кеткен чыгымдардын сметасынын долбоору;

4) жаштардын демилгесин ишке ашыруу планы.

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

дата аты-жөнү колу

Мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме

Юридикалык жактар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине колдоо көрсөтүүгө конкурска катышуу үчүн ӨТҮНМӨ

Берилген өтүнмөнү карап чыгып, мени мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө конкурска катышуучулардын арасына киргизүүнү өтүнөм.

Юридикалык жактын (уюмдун) жетекчисинин аты-жөнү

Юридикалык жактын (уюмдун) толук жана кыскартылган аталышы

Юридикалык жактын (уюмдун) катталган дареги

Юридикалык жактын (уюмдун) e-mail

Банк реквизиттери

Байланыш телефондору (моб.)

Жаштардын демилгесинин аталышы

Мен Мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жободо жазылган конкурстун шарттары менен таанышканымды жана макулдугумду ырастайм. Ушул өтүнмөдө көрсөткөн бардык маалымат анык экенин ырастайм. Конкурстук комиссиянын жаштардын демилгелерин тандоо боюнча чечими акыркы чечим экенине макулмун.

Жаштардын демилгесинин/идеясынын кыскача сыпаттамасы (1000 сөздөн көп эмес): \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жаштардын демилгесин ишке ашырууда күтүлүүчү натыйжалар (500 сөздөн көп эмес): \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Социалдык-экономикалык проблемаларды чечүүнүн сыпаттамасы (500 сөздөн көп эмес): \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жаштардын демилгесин ишке ашыруу мөөнөттөрү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жаштардын демилгесин ишке ашыруу аймагы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жаштардын демилгесин ишке ашырууга кеткен чыгымдардын суммасы (сом менен): \_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Кошумча маалыматтар жана комментарийлер (500 сөздөн көп эмес): \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Ушул өтүнмөгө төмөнкүдөй документтер тиркелет:

1) юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;

2) жаштардын демилгесин ишке ашырууга кеткен чыгымдардын сметасынын долбоору;

3) жаштардын демилгесин ишке ашыруу планы.

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

дата аты-жөнү колу
