Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 3 „Бишкек шаардык кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө“ токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-декабры № 4
Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 3 "Бишкек шаардык кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө" мыйзамдарын жана Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 "Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 3 "Бишкек шаардык кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
2-саптагы "орун басар" деген сөздөр "орун басарлар" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 3-сап төмөнкү сөздөр менен толукталсын: "Бишкек шаарынын жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссия" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Сессияда төрагалык кылуучу, Бишкек шаардык кеңешинин "Эмгек" фракциясынан депутат
Л.Акунова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Нарын шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы №3 "Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2012 · № 3
- Бишкек шаардык кеңештинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 "Бишкек шаардык кеңештин регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2012 · № 2