2-берене
Күчүндө · 09.12.2024 редакциясы
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж, № 7-8, 765-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 91-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Социалдык контрактты ишке ашыруунун алкагында ушул берененин 3-5-пункттарында көрсөтүлгөн иштин түрлөрүнөн түшкөн жарандардын кирешелери социалдык контракт түзүлгөн айдан кийинки 3 айдын ичинде эсепке алынбайт.";
2) 14-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13) 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулун алуучуга социалдык контракттын негизиндеги социалдык жардам берилгенде. Мында жөлөкпулду төлөө социалдык контракт түзүлгөн айдан кийинки 3 ай аяктагандан кийин токтойт жана кийинки 3 жылдын ичинде чектелет (ал жеткис жагдайлар түзүлгөн же көрсөтүлгөн социалдык жардамдын толук суммасын акчалай түрдө кайтарып берүү менен социалдык контракттан ыктыярдуу баш тарткан учурду кошпогондо).".
Берененин тексти 09.12.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230018783/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>