# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 696 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 696 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 696
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018777>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35857/edition/22450/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230018777.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 696 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (19.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018777

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 19-ноябры № 696 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 64-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарда:

- 4, 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Жалпы билим берүү багытындагы МУларда балдардын курактык топторунун саны жана катышы алардын чектүү толушуна жараша аныкталат: ясли курагындагылар үчүн:

- 1,6 жаштан 2 жашка чейин - 20 балага чейин;

- топто эки курактагы (1,6 жаштан 3 жашка чейин) балдар болсо - 20 баладан ашык эмес;

мектепке чейинки курактагылар үчүн:

- 2-3 жаштагы 1-кенже топ - 25 баладан ашык эмес;

- 3-4 жаштагы 2-кенже топ - 25 баладан ашык эмес;

- 4-5 жаштагы ортонку топ - 30 баладан ашык эмес;

- 5-6 жаштагы улук топ - 30 баладан ашык эмес;

- топто кайсы болбосун эки курактагы (3-6 жаштагы) балдар болсо - 25 адамдан ашык эмес.

5. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн адистештирилген бала бакчада балдардын курактык топторунун саны жана катышы балдардын категориясына жана алардын курагына жараша белгиленет. 1,6 жаштан 6 жашка чейинки курактагы балдар үчүн топтордун чектүү толушу төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:

- сүйлөө речи бузулган балдар үчүн - 16 баладан;

- речинин фонетика-фонематикасы бузулган 3 жаштан жогору курактагы гана балдар үчүн - 18 баладан;

- дүлөй балдар үчүн - эки курактагы тең топ үчүн 6 баладан;

- угуусу начар балдар үчүн - 6 жана 10 баладан;

- сокур балдар үчүн - эки курактагы тең топ үчүн 6 баладан;

- көрүүсү начар балдар, амблиопиясы бар, көзү чалыр балдар үчүн - 6 жана 10 баладан;

- таяныч-кыймыл аппараты бузулган балдар үчүн - 6 жана 8 баладан;

- психикалык өнүгүшү кечеңдеген балдар үчүн - 6 жана 12 баладан;

- акыл-эси бир аз артта калган балдар үчүн - 6 жана 12 баладан;

- акыл-эси бир аз, оор даражада артта калган 3 жаштан жогору курактагы гана балдар үчүн - 8 баладан;

- аутизми бар 3 жаштан жогору курактагы гана балдар үчүн - 5 баладан;

- оор деффекти бар (дене бой жана/же психикалык өнүгүүсүндө 2 же андан ашык кемчиликтин айкалышы бар) балдар үчүн - эки курактагы тең топ үчүн 5 баладан;

- башка ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн - 10 жана 15 баладан.";

- 51-пункттун 1-таблицасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1-таблица

Топтук ячейка жайларынын аянттары

Begin\_nocompare

Жайлардын аталышы

Жайлардын аянты (м2)

Кийинип-чечинүүчү жай

18ден кем эмес

Топтук (оюндар, сабактар жана тамактануу үчүн)

Эмеректи жана анын жайгашуусун эске албаганда ясли топторундагы 1 балага 2-2,5 кем эмес; мектепке чейинки топтордогу 1 балага 2,0 кем эмес

Буфет

3,0 кем эмес

Уктоочу жай

Эмеректи жана анын жайгашуусун эске албаганда ясли топторундагы 1 балага 1,8 кем эмес; мектепке чейинки топтордогу 1 балага 1,8-2,0 кем эмес

Даараткана

Мектепке чейинки топтор үчүн 16 кем эмес жана ясли топтору үчүн 12 кем эмес

End\_nocompare ";

- 53-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"53. Жаңыдан курулуп жаткан жана реконструкцияланып жаткан МУ имараттарында музыка жана дене тарбия сабактары үчүн аянты 75 м2 кем эмес болгон залдарды кароо сунушталат. Залдар өтмө болбошу керек."; 115-пунктта "7" деген цифра "6" деген цифрага алмаштырылсын;

- 178-пункттун 10-таблицасындагы "3 жаштан 7 жашка чейинки" деген сөздөр "3 жаштан 6 жашка чейинки" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 209-пункттун 11-таблицасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11-таблица

Балдар кыска мезгилде болуучу топтук жайлардын аянты

Begin\_nocompare

Жайлардын аталышы

Жайлардын аянты (м2)

Топтук (оюндар, сабактар жана тамактануу үчүн)

Эмеректи жана анын жайгашуусун эске албаганда ясли топторундагы 1 балага 2,0-2,5 кем эмес, мектепке чейинки топтордогу 1 балага 1,8-2,0 кем эмес

Уктоочу жай

Керебеттерди коюуда (керебеттерди коюу ушул санитардык эрежелердин 116-пункту менен регламенттелет) сырткы дубалдардан аралыкты эске албаганда ясли топторундагы 1 балага 1,8 кем эмес, мектепке чейинки топтордогу 1 балага 2,0 кем эмес эсебинде

Жуунуучу жай

Мектепке чейинки кенже курактагы балдар үчүн жуунгучтарды полдон прибордун бортуна чейин орнотуунун бийиктиги 0,4 м болгон 1 раковина (балдардын курагына жараша) жана мектепке чейинки орто жана улуу курактагы балдар үчүн жуунгучтарды полдон прибордун бортуна чейин орнотуунун бийиктиги 0,5 м болгон 1 раковина эсебинде муздак жана ысык суу тартылган жуунуучу раковиналар

Даараткана

Балдардын унитазын орнотуу менен 2ден кем эмес кабинаны жабдуу зарыл (балдар үчүн 1, кыздар үчүн 1)

End\_nocompare ";

- 223-пунктта "7" деген цифра "6" деген цифрага алмаштырылсын;

- 224-пунктта "7" деген цифра "6" деген цифрага алмаштырылсын;

- 231-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"231. 5-6 жаштагы балдар үчүн компьютерлерди колдонуу менен сабактарды бир күндө бир жолудан ашык эмес жана жумасына үч жолудан ашык эмес, ишке болгон жөндөмдүүлүк кыйла жогору болгон күндөрү - шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү өткөрүү керек. Балдар менен сабак өткөрүлгөндөн кийин көз гимнастикасы жасалат. 4 жаштагы балдар үчүн өнүктүрүүчү оюн сабактарында компьютер менен иштөөнүн үзгүлтүксүз узактыгы 10 мүнөттөн жана 5-6 жаштагы балдар үчүн - 15 мүнөттөн ашпоого тийиш. Өнөкөт патологиясы бар, тез-тез ооруган (жылына 4 жолудан көп) балдар үчүн ооруп айыккандан кийин 2 жуманын ичинде компьютер менен сабактардын узактыгы 4 жаштагы балдар үчүн 7 мүнөткө чейин, 5-6 жаштагы балдар үчүн 10 мүнөткө чейин кыскартылууга тийиш.";

- 236-пунктта "7" деген цифра "6" деген цифрага алмаштырылсын;

- 285-пунктта "7" деген цифра "6" деген цифрага алмаштырылсын;

- жогоруда аталган Санитардык эрежелердин 5-тиркемесинде:

аталышында "7" деген цифра "6" деген цифрага алмаштырылсын; "Балдардын курагы, жашы" деген графада "7" деген цифра "6" деген цифрага алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 90 (3644) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
