Кыргыз Республикасынын «2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы „Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа“ долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы „Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа“ долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 6-декабры № 197
2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене. 2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча алмашуу ноталары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө япон тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу кабарласын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2024-жылдын 20-ноябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.