# 1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети

- Документ: [Тынчтык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230018741)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194" Тынчтык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 194
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 мая 2026 года № 63 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, законы Кыргызской Республики "Об основах профилактики правонарушений", "О тишине")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045950)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018741#diff=22409..53253>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018741/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5436/edition/22409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230018741/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тынчтык жөнүндө, 1-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018741/st-1

---

1. Ушул Мыйзам калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

2. Ушул Мыйзамдын жоболору жеке, юридикалык жактардын жана кызмат адамдарынын төмөнкүдөй аракеттерине жайылтылбайт:

- укук бузуулардын алдын алууга, авариялардын, табигый кырсыктардын, башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга, адамдардын жеке жана коомдук коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө жана калктын жашоо-тиричилигин камсыздоочу объекттердин иштешине багытталган;

- долбоордук-курулуш документтерине ылайык өндүрүштүк-техникалык шарттарга байланыштуу токтотулушу мүмкүн болбогон иштерди жүргүзүү боюнча;

- тиешелүү конфессиялардын канондук талаптарынын алкагында диний табынууну, анын ичинде азан чакырууну жүзөгө ашырууда;

- массалык коомдук иш-чараларды, анын ичинде расмий, дене тарбия, спорттук, маданий иш-чараларды жана салтанаттарды өткөрүүдө.

- 31-декабрда саат 22:00дөн тартып 1-январдагы саат 3:00гө чейин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик майрам күндөрү саат 22:00дөн тартып саат 3:00гө чейин.

(КР 2026-жылдын 13-майындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230018741/st-2)
