# Александровка айыл аймагынын Александровка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 124 "Касапкана куруу үчүн 1,20 га жер тилкесин которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Александровка айыл аймагынын Александровка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 124 "Касапкана куруу үчүн 1,20 га жер тилкесин которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018648>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35771/edition/22317/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230018648.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Александровка айыл аймагынын Александровка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 124 "Касапкана куруу үчүн 1,20 га жер тилкесин которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө" токтому (09.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018648

---

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 91 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 32-сессиясынын токтому 2024-жылдын 5-февралы №124 Касапкана куруу үчүн 1,20 га жер тилкесин которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө

Александровка айыл өкмөтү дайындаган “Александровка айыл аймагынын Александровка айылынын түштүк тарабындагы №915(0,2 га), №916 (1,0га) контурларында жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы “жайыттар” жерлерине караштуу мамлекеттин менчигинде турган жалпы аянты 1,20 га жер тилкесин которуу (трансформациялоо) жөнүндө материалдарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер тилкелерин которуу шарты жөнүндө” убактылуу Жобосуна ылайык, Александровка айыл аймагына инвестиция тартуу максатында Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Александровка айыл аймагынын Александровка айылынын түштүк тарабындагы №915(0,2 га), №916 (1,0га) контурларында жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы “жайыттар” жерлерине караштуу мамлекеттин менчигинде турган жалпы аянты 1,20 га жер тилкесин касапкана куруу үчүн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтом Москва райондук мамлекеттик администрациясына жиберилсин.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.

Төрайымдын орун басары

Т.Т.Асанов
