Александровка айыл аймагынын Александровка айылдык кеңешинин «Касапкана куруу үчүн 1,20 га жер тилкесин которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление айылного кенеша Мин-Булакского айылного аймака от 9 сентября 2024 года № 91 "О признании постановления Александровского айылного кенеша № 124 от 05.02.2024 года "О даче соглаcия на перевод (трансформацию) земельных участков общей площадью 1,20 га пастбищных земель для строительства убойного цеха" утратившим силу"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-09-09.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 91 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 32-сессиясынын токтому 2024-жылдын 5-февралы №124 Касапкана куруу үчүн 1,20 га жер тилкесин которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Александровка айыл өкмөтү дайындаган “Александровка айыл аймагынын Александровка айылынын түштүк тарабындагы №915(0,2 га), №916 (1,0га) контурларында жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы “жайыттар” жерлерине караштуу мамлекеттин менчигинде турган жалпы аянты 1,20 га жер тилкесин которуу (трансформациялоо) жөнүндө материалдарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер тилкелерин которуу шарты жөнүндө” убактылуу Жобосуна ылайык, Александровка айыл аймагына инвестиция тартуу максатында Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Александровка айыл аймагынын Александровка айылынын түштүк тарабындагы №915(0,2 га), №916 (1,0га) контурларында жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы “жайыттар” жерлерине караштуу мамлекеттин менчигинде турган жалпы аянты 1,20 га жер тилкесин касапкана куруу үчүн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом Москва райондук мамлекеттик администрациясына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.
Төрайымдын орун басары
Т.Т.Асанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 91 "Александровка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 05-февралындагы "Касапкана куруу үчүн 1,20 га жер…Постановление · 09.09.2024 · № 91
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 19.03.2014 · № 169 · Күчүн жоготкон