179-берене
Күчүндө · 02.12.2024 редакциясы
төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"179-берене. Балдардын ата-энесин багуудан качуусу
1. Жашы жеткен балдардын эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуу үчүн каражаттарды соттун чечиминин негизинде төлөөдөн качуусу, карыздын суммасы 12 айдан ашпаган мезгилде түзүлгөн учурда, -
200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга, же кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.
2. Жашы жеткен балдардын эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуу үчүн каражаттарды соттун чечиминин негизинде төлөөдөн качуусу, карыздын суммасы 12 айдан ашкан мезгилде түзүлгөн учурда, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багууга милдеттүү адамдын өз эмгек акысын жана ага теңештирилген кирешелеринин өлчөмүн жашыруусу, төмөндөтүүсү, ошого тете соттун чечими боюнча ишке орношуудан баш тартуусу, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде соттун чечими боюнча ишке орношуудан баш тартуу деп эмгек, ишке орноштуруу жана социалдык жактан коргоо боюнча органдарга ишке орношуу үчүн келүүдөн, медициналык кароодон өтүүдөн, ишке орношуу үчүн зарыл болгон документтерди алуудан баш тартуу, ошондой эле ишке орноштуруу жөнүндө соттун чечимин аткарбоого алып келген башка иш-аракеттер (аракетсиздик) түшүнүлөт. Эгерде ушул беренеде каралган кылмышты жасаган адам эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багууга каражаттарды төлөө боюнча карызын толук көлөмдө жойсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.".
Берененин тексти 02.12.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
179-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230018642/st-179" title="179-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>