Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Газпром Кыргызстан мектеби» коммерциялык эмес уюму коомдук фондуна мүлктүк комплексти акысыз негизде пайдаланууга берүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-апрели № 126
"Газпром Кыргызстан мектеби" коммерциялык эмес уюму коомдук фондуна мүлктүк комплексти акысыз негизде пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы гуманитардык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө 2012-жылдын 5-апрелиндеги макулдашууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 19-январындагы № 5 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы жалпы билим берүү уюмунун иш-аракетинин шарттары жөнүндө макулдашууну аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамынын 19-статьясына, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:
"Газпром Кыргызстан мектеби" коомдук фондуна Бишкек шаары, Токомбаев көчөсү, 23/11 дарегинде жайгашкан, жанаша жайгашкан аймагы менен мүлктүк комплексти, аны жайгаштыруу жана кийинки узартуу укугу менен 20 жылга акысыз пайдалануу мөөнөтү менен ишмердигин камсыздоо үчүн берсин; "Газпром Кыргызстан мектеби" коомдук фонду менен келишимге кол коюуда Коомдук фондду ден соолуктун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды, социалдык корголбогон үй-бүлөлөрдүн балдарын жана окуудагы көрүнүктүү жетишкендиктери менен балдарды акысыз окутууга кабыл алууну милдеттендирүүчү пункт каралсын, ошондой эле алардын саны Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн окуучулардын факт боюнча санынан 19 пайыздан кем эмес белгиленсин; ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн жана Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө" жобого ылайык бир айлык мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешине өздөрүнүн сунуштарын киргизсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
К.Конгантиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-декабрындагы № 60 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген…Постановление · 16.12.2022 · № 60
- 2022-жылдын 2-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы билим берүү уюмунун ишинин…Закон · 19.01.2023 · № 5