# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 720 "Талаптагыдай дарыкана практикасынын эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 720 "Талаптагыдай дарыкана практикасынын эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 720
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018577>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35713/edition/22237/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230018577.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 720 "Талаптагыдай дарыкана практикасынын эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (02.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018577

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 2-декабры № 720

Талаптагыдай дарыкана практикасынын эрежелерин бекитүү жөнүндө

"Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Талаптагыдай дарыкана практикасынын эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин 5-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтомду ишке ашыруу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат деп белгиленсин:

1) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында;

2) жеке менчиктеги фармацевтикалык уюмдар жана мамлекеттик ишканалар үчүн өз каражаттарынын эсебинен.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 94 (3649) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
