# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-сентябры № 466 "Ак-Кула" атмайданынын имаратынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстелик статусун жоготту деп таануу жөнүндө, ошондой эле аны бузуу жана атмайдандын жаңы комплексин куруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-сентябры № 466 "Ак-Кула" атмайданынын имаратынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстелик статусун жоготту деп таануу жөнүндө, ошондой эле аны бузуу жана атмайдандын жаңы комплексин куруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 466
- Кабыл алынган күнү: 02.09.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018509>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35661/edition/22106/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230018509.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-сентябры № 466 "Ак-Кула" атмайданынын имаратынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстелик статусун жоготту деп таануу жөнүндө, ошондой эле аны бузуу жана атмайдандын жаңы комплексин куруу тууралуу" токтому (26.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018509

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2020-жылдын 2-сентябры № 466

"Ак-Кула" атмайданынын имаратынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстелик статусун жоготту деп таануу жөнүндө, ошондой эле аны бузуу жана атмайдандын жаңы комплексин куруу тууралуу (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы N 714 токтомунун редакцясына ылайык)

Ат спортун өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 36-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун 2019-жылдын 29-ноябрындагы Бишкек шаары, Термечиков көчөсү, 1 дареги боюнча жайгашкан "Ак-Кула" атмайданынын имаратынын техникалык абалын изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча түзүлгөн техникалык корутундусун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ведомстволор аралык комиссиясынын 2020-жылдын 3-мартындагы корутундусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде:

- 31-пункту "Архитектура" деген сөздөн кийин "(жоготту)" деген сөз менен толукталсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

1) андан ары эксплуатациялоого мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу Бишкек шаары, Термечиков көчөсү, 1 дареги боюнча жайгашкан "Ак-Кула" атмайданынын авариялык имаратын, ошондой эле бул аймакта жайгашкан башка имараттарды, курулмаларды бузуу;

2) атмайдандын жаңы комплексин долбоорлоо жана куруу боюнча ишти уюштуруу;

3) ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерди чечүү.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы N 714 токтомунун редакцясына ылайык)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

К.Боронов
