# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-ноябры № 714 "Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак-жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, сейил бак зоналары менен имараттардын комплексин куруу" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участогун берүү маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-ноябры № 714 "Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак-жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, сейил бак зоналары менен имараттардын комплексин куруу" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участогун берүү маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 714
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018505>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35658/edition/22103/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230018505.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-ноябры № 714 "Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак-жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, сейил бак зоналары менен имараттардын комплексин куруу" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участогун берүү маселелери жөнүндө" токтому (11.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018505

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 11-февралы № 87

"Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак-жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, сейил бак зоналары менен имараттардын комплексин куруу" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участогун берүү маселелери жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 87 токтомунун редакциясына ылайык)

Бишкек шаарында 2024-жылдын 14-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "РЦА Ливинг" ЖЧКсынын ортосундагы "Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак-жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, сейил бак зоналары менен имараттардын комплексин куруу" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну (мындан ары - Инвестициялык макулдашуу) ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5, 7, 8, 29-статьяларына, "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-1-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын мэриясына «Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак-жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, сейил бак зоналары менен имараттардын комплексин куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн «РЦА Ливинг» жоопкерчилиги чектелген коомуна (мындан ары – «РЦА Ливинг» ЖЧКсы) ушул токтомдун 2-пунктунда аныкталган шарттарда тооруктарды өткөрбөстөн Бишкек шаары, Термечиков көчөсү, 16 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 1-01-06-0035-0825, аянты 53,5057 га негизги жер участогун, ошондой эле Бишкек шаары, Термечиков көчөсү, н/ж дарегинде жайгашкан, идентификациялык коддору 1-01-06-0035-0838, 1-01-06-0035-0416, 1-01-06-0035-0464, жалпы аянты 0,8078 га кошумча жер участокторун (мындан ары – жер участогу) 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү сунушталсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 87 токтомунун редакциясына ылайык)

2. "РЦА Ливинг" ЖЧКсына жер участогун 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу төмөнкү шарттарда берилет деп аныкталсын:

1) «РЦА Ливинг» ЖЧКсы Инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык жер участогун пайдаланган бардык мезгил ичинде 67 000 000 (алтымыш жети миллион) АКШ доллары жана 1 011 529,58 (бир миллион он бир миң беш жүз жыйырма тогуз) АКШ доллары 58 цент өлчөмүндө сумманы Бишкек шаарынын бюджетине которот;

2) "РЦА Ливинг" ЖЧКсы Инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык жер участогунун аймагында төмөнкү объекттерди өз каражатын же тартылган каражаттарды пайдаланып курат жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине акысыз негизде өткөрүп берет:

- 3 (үч) жалпы билим берүү мекемеси (мектеп);

- 3 (үч) мектепке чейинки билим берүү мекемеси (бала бакча);

- сейил бак зоналары;

- муниципалдык жолдор жана тротуарлар;

- жогоруда саналган объекттерге инженердик тармактар;

3) Бишкек шаарынын Башкы планынын концепциясынын аналитикалык негизин иштеп чыгууга "РЦА Ливинг" ЖЧКсы тарабынан 250000 (эки жүз элүү миң) АКШ доллары өлчөмүндө сумма бөлүнөт;

4) Инвестициялык макулдашууга Кошумча макулдашуунун шарттарына ылайык Бишкек шаарынын жаңы Башкы планын иштеп чыгууну каржылоо "РЦА Ливинг" ЖЧКсы тарабынан камсыздалат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 87 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-сентябрындагы № 466 "Ак-Кула" атмайданынын имаратынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстелик статусун жоготту деп таануу жөнүндө, ошондой эле аны бузуу жана атмайдандын жаңы комплексин куруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктта:

1-пунктчасында "авариялык имаратын" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле бул аймакта жайгашкан башка имараттарды, курулмаларды" деген сөздөр менен толукталсын; 2-пунктчасында "Ак-Кула" атмайданынын бузулган имаратынын ордуна" деген сөздөр алып салынсын.

4. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:

1) "РЦА Ливинг" ЖЧКсы менен ушул токтомдун 2-пунктунда, Инвестициялык макулдашууда аныкталган, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы жана "РЦА Ливинг" ЖЧКсы менен макулдашылган шарттарга ылайык жер участогун акысыз берүү келишимин түзүү;

2) жер участогунда жайгашкан имараттарды жана курулмаларды бузууну жүзөгө ашыруу;

3) жер участогуна зарыл болгон документтерди "РЦА Ливинг" ЖЧКсына берүү;

4) инвестициялык долбоорду ишке ашырууда "РЦА Ливинг" ЖЧКсына белгиленген тартипте ар тараптуу көмөк көрсөтүү;

5) бул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрүү.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
