Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасын эсептөө методикасы(КР Министрлер Кабинетинин токтомуна)
| Тиркеме | ||
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 708токтомуна) |
Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасын эсептөө МЕТОДИКАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-августундагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Методика жабырлануучунун ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирүүдө камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасын эсептөө тартибин (мындан ары - Методика) аныктайт жана жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде камсыздандыруунун ордун толтуруунун (камсыздандыруу төлөмүнүн) суммасын аныктоо үчүн, ошондой эле ушул Методиканын тиркемесине ылайык жабырлануучунун жаракатына жана ден соолугунун бузулуу даражасына жараша анын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруунун эсебине компенсацияны аныктоо үчүн критерийлерди (мындан ары - Критерийлер) белгилейт.
2. Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат, атап айтканда:
1) ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча ташуу учурунда жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян боюнча;
2) кооптуу өндүрүш объекттерин эксплуатациялоочу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча кооптуу өндүрүш объектиндеги авариянын натыйжасында үчүнчү жактардын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян боюнча;
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-августундагы № 554 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында жөнөтүүчүдөн алуучуга жеткирүү процессинде кооптуу жүк менен болгон инциденттин натыйжасында жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна келтирилген зыян боюнча.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-августундагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жабырлануучунун ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги боюнча бир жабырлануучуга көрсөтүлгөн пайыз менен туюндурулган камсыздандыруу суммасын Критерийлерге көбөйтүү жолу менен эсептелет.
4. Эгерде жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген зыян ар түрдүү мүнөздө болсо жана ушул Методиканын тиркемесине ылайык Критерийлердин бир нече пункттарында каралган болсо, анда камсыздандыруунун ордун толтуруунун өлчөмү Критерийлерди кошуу жана келип чыккан сумманы жабырлануучунун ден соолугуна келтирген зыян үчүн жарандык жоопкерчиликтин тобокелдиги боюнча көрсөтүлгөн камсыздандыруу суммасына көбөйтүү жолу менен аныкталат.
5. Жабырлануучунун майыптык алгандыгына байланыштуу камсыздандыруунун ордун толтуруунун өлчөмү жаракаттын кесепеттери менен шартталган, жашоо-тиричиликтин чектелишине (жарандын өзүн-өзү тейлөө, өз алдынча кыймылдоо, багыт алуу, баарлашуу, өзүнүн жүрүм-турумун контролдоо, билим алуу же эмгек ишин жүргүзүү жөндөмүн же мүмкүнчүлүгүн толук же жарым-жартылай жоготуусу) алып келген органдардын жана системалардын функцияларынын катуу жабыркоосу менен коштолгон ден соолуктун бузулуусу, майыптуулуктун тобу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана аларда белгиленген тартипте аныкталат жана төмөнкүдөй өлчөмдөрдү түзөт:
- I топ - 200000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө;
- II топ - 150000 (бир жүз элүү миң) сом өлчөмүндө;
- III топ - 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндө;
- "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала" категориясына - 200000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө.
6. Майыптуулукка байланыштуу камсыздандыруунун ордун толтуруу суммасын төлөө жабырлануучуга майыптуулук белгиленген учурда майыптуулукка байланыштуу камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасынын ортосундагы айырманын өлчөмүндө белгиленген майыптуулук тобун жана жабырлануучунун ден соолугунун бузулуусунун мүнөзүнө жана даражасына жараша мурда төлөп берилген камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасын эске алуу менен жүргүзүлөт.
| | | Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасын эсептөө методикасына тиркеме |
Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде камсыздандыруунун ордун толтуруунун (камсыздандыруу төлөмүнүн) суммасын аныктоо үчүн КРИТЕРИЙЛЕР
| Пункт | Жаракаттын мүнөзү | Камсыздандыруунун өлчөмү (камсыздандыруу суммасынан % менен) | |
| Баш сөөктөрү, нерв системасы | |||
| 1 | Баш сөөктүн сынышы: | ||
| 1) төбө сөөгүнүн сырткы пластинкасы; | 5 | ||
| 2) төбөсү; | 15 | ||
| 3) негизи; | 20 | ||
| 4) төбөсү жана негизи | 25 | ||
| 2 | Баш сөөгүнүн ичиндеги жаракаттык гематомалар: | ||
| 1) эпидуралдык; | 10 | ||
| 2) субдуралдык, мээ ичиндеги; | 15 | ||
| 3) эпидуралдык жана субдуралдык (мээ ичиндеги); | 20 | ||
| 3 | Мээнин жаракаты: | ||
| 1) 3-13 күн дарылануу мөөнөтүндө мээнин чайкалышы; | 3 | ||
| 2) 14 жана андан ашык күн дарылануу мөөнөтүндө мээнин чайкалышы; | 5 | ||
| 3) мээнин жабырлануусу, субарахноидалдык кан куюлуу; | 10 | ||
| 4) баш сөөк көңдөйүнөн алынбай калган бөтөн нерсе (тигүү жана пластик материалдарын кошпогондо); | 15 | ||
| 5) мээ затынын эзилип калуусу (симптоматикасын көрсөтпөстөн). | 50 | ||
| Эскертүү. 1. Эгерде баш сөөк-мээ жаракатына байланыштуу баш сөөккө, мээге жана анын кабыкчаларына операция жүргүзүлсө, камсыздандыруу суммасынан 10% кошумча бир жолу төлөнөт. 2. Бир жаракаттын кесепетинен бир беренеде саналган жаракаттар болгон учурда, кыйла оор жаракаттарды эске алган пунктчалардын бири боюнча камсыздандыруу суммасы төлөнөт. Түрдүү беренелерде көрсөтүлгөн жаракаттар болгон учурда алардын ар бирин эсепке алып кошуу жолу менен камсыздандыруу суммасы төлөнөт | |||
| 4 | Нерв системасы бузулуп (жаракаттан, уулануудан, гипоксиядан), төмөнкүлөргө кириптер кылса: | ||
| 1) 16 жашка чейинки балдарда астеникалык синдромго, дистонияга, энцефалопатияга; | 5 | ||
| 2) арахноидитке, энцефалитке, арахноэнцефалитке; | 10 | ||
| 3) эпилепсияга; | 15 | ||
| 4) кол же бут монопарезине (бир кол же бут парезине); | 30 | ||
| 5) геми- же парапарезге (эки колдун же буттун парезине, оң же сол колдун же буттун парезине), амнезияга (эс тутумду жоготууга); | 40 | ||
| 6) моноплегияга (бир кол же буттун шал болушуна); | 60 | ||
| 7) тетрапарезге (кол жана буттун парезине), кыймылдардын координациясынын бузулушуна, кем акылдыкка (деменцияга); | 70 | ||
| 8) геми-, пара- же тетраплегияга, афазияга (сүйлөөнү жоготууга), декортикацияга, жамбаш сөөк органдарынын функциясынын бузулушуна. Эскертүү: 1. Нерв системасынын жаракатынын кесепетине байланыштуу 4-пунктта көрсөтүлгөн камсыздандыруу суммасы, эгерде жаракат алган күндөн тартып 3 айдан мурда эмес дарылоо-профилактикалык мекемеде оору аныкталса жана ошол мекеменин маалымкаты менен тастыкталган учурда жаракаттын кыйла оор кесепеттерин эске алуу менен пунктчалардын бири боюнча төлөнөт. Мындай учурда нерв системасынын бузулушуна алып келген камсыздандыруу окуясына байланыштуу төлөнгөн камсыздандыруу суммасына кошумча камсыздандыруу суммасы төлөнүп берилет. Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 100%дан ашышы мүмкүн эмес. 2. Эгерде жабырлануучу жаракат алуудан дарылануу жана анын оорлошуусу жөнүндө маалымкатты берген учурда, камсыздандыруу суммасы 1, 2, 3, 5, 6-пункттар жана 4-пункт боюнча кошуу жолу менен төлөнүп берилет. 3. Баш сөөк-мээнин жаракат алышынын кесепетинен көздүн курчтугу төмөндөсө же угуу начарласа камсыздандыруу суммасы бул жаракатты жана тиешелүү беренелерде көрсөтүлгөн оорлошууларды эске алып төлөнүп берилет | 100 | ||
| 5 | Бир же бир нече баш-сөөк-мээ нервдеринин перифериялык бузулуусу. Эскертүү. Эгерде негизги баш сөөктүн сынышынан улам баш сөөк-мээ нервдери жабыркаса, камсыздандыруу суммасы 1 -пункт боюнча төлөнөт, 5-пункт бул учурда колдонулбайт | 10 | |
| 6 | Жүлүндүн ар кандай деңгээлде жаракат алуусу, cauda equine syndrom, полиомиелит (симптомдорун көрсөтпөстөн): | ||
| 1) мээнин чайкалышы; | 5 | ||
| 2) урунуу; | 10 | ||
| 3) кысуу, гематомиелия, полиомиелит; | 30 | ||
| 4) жарым-жартылай ажыроо; | 50 | ||
| 5) жүлүндүн толук үзүлүшү. | 100 | ||
| Эскертүү: 1. Эгерде камсыздандыруу суммасы 6-пункт боюнча (1, 2, 3, 4) төлөнсө, андан кийин 4-пунктта саналып өткөн оорлошуу келип чыкса жана ал дарылоо-профилактикалык мекеменин маалымкаты менен тастыкталса, камсыздандыруу суммасы 4-пунктка ылайык мурда төлөнгөнгө кошумча берилет. 2. Кырарка сөөгүнүн жана жүлүндүн жаракатынан улам операция жасалса, анда камсыздандыруу суммасынан 15%ы бир жолу кошумча төлөнүп берилет | |||
| 7 | Сөөктүн аяккы (ашташкан кошулган жери) жаракат неврити (манжалардын нервдеринин невритин кошпогондо) | 5 | |
| 8 | Моюн, ийин, бел, куйрук омурткаларынын бузулушу (үзүлүшү, жарат алышы): | ||
| 1) жаракат плексити; | 10 | ||
| 2) чырмалыштардын жарым-жартылай үзүлүшү; | 40 | ||
| 3) чырмалыштардын үзүлүшү. | 70 | ||
| Эскертүү: 1. 7 жана 8-пункттар бир учурда колдонулбайт. 2. Жаракатка байланыштуу келип чыккан невралгия жана невропатия камсыздандыруу суммасын төлөө үчүн негиз бербейт | |||
| 9 | Нервдердин үзүлүүлөрү: | ||
| 1) билектеги бутактардын, кол манжаларынын; | 5 | ||
| 2) бир: билектеги же билек-кырк муун деңгээлиндеги кол манжаларынын; кичи жото сөөктүн же чоң жото сөөктүн; | 10 | ||
| 3) эки же андан көп: билектеги же билек-кырк муун деңгээлиндеги кол манжаларынын; кичи жото сөөктүн жана чоң жото сөөктүн; | 20 | ||
| 4) бир: колтуктагы, билектеги, билек-кырк муун деңгээлиндеги кол манжаларынын, жамбаштагы же сандагы; | 25 | ||
| 5) эки же андан көп: колтуктагы, билектеги, билек-кырк муун деңгээлиндеги кол манжаларынын, жамбаштагы жана сандагы. Эскертүү. Тамандын, бут манжаларынын жана колдун деңгээлиндеги нервдердин бузулушу камсыздандыруу суммасын төлөө үчүн негиздерди бербейт | 40 | ||
| Көрүү органдары | |||
| 10 | Бир көздүн аккомодациясынын шал болушу | 15 | |
| 11 | Гемианопсия (бир көздүн көрүү талаасынын жарымынын жоголушу), көз чанагынын булчуңдарынын бузулушу (жаракаттын айынан көздүн чалыр болушу, птоз, диплопия) | 15 | |
| 12 | Бир көздүн көрүү талаасынын кичирейиши: | ||
| 1) концентрациялуу эмес; | 10 | ||
| 2) концентрациялуу | 15 | ||
| 13 | Бир көздүн пульсациялоочу экзофтальмасы | 20 | |
| 14 | Көздүн курчтугунун төмөндөшүнө алып келбеген көздүн бузулуусу: | ||
| 1) көз чанагына сайып кирбеген жаракат, гифема; | 3 | ||
| 2) көз чанагына сайып кирген жаракат, II, III даражадагы күйүк, гемофтальм. | 5 | ||
| Эскертүү: 1. Даражасы көрсөтүлбөгөн көз күйүгү, ошондой эле патологиялык өзгөрүүлөргө алып келбеген I даражадагы көз күйүгү камсыздандыруу суммасын төлөө үчүн негиздерди бербейт. | |||
| 2. Эгерде 14-пунктта саналган бузулуулар көрүү курчтугунун төмөндөшүнө алып келсе, анда 20-пунктка ылайык камсыздандыруу суммасы төлөнүп берилет. Мындай учурда 14-пункт колдонулбайт. Эгерде көз чанагынын бузулушуна байланыштуу камсыздандыруу суммасы 14-пунктка ылайык төлөнүп берилсе, андан кийин жаракат оорлошуп көрүү курчтугун төмөндөтсө жана бул чоң өлчөмдөгү камсыздандыруу суммасын төлөө үчүн негизди берсе, мурда төлөнгөн камсыздандыруу суммасы кармалып алынат. | |||
| 3. Көздүн чел кабыгынын бетиндеги бөтөн нерсе камсыздандыруу суммасын төлөө үчүн негиз бербейт | |||
| 15 | Бир көздүн жаш агызуучу жолдорунун бузулушу: | ||
| 1) жаш агызуучу жолдордун функцияларынын бузулушуна алып келбесе; | 5 | ||
| 2) жаш агызуучу жолдордун функцияларынын бузулушуна алып келсе | 10 | ||
| 16 | Көздүн жаракатынын кесепеттери: | ||
| 1) конъюнктивит, кератит, иродоциклит, хориоретинит; | 5 | ||
| 2) түстүү чел кабыгынын кемтиги, хрусталиктин жылышы, каректин формасынын өзгөрүүсү, трихиаз (кирпиктердин туура эмес өсүшү), капкактын түйүлүшү, көз чанагындагы жана көз ткандарындагы алынбаган бөтөн нерселер, көз чанагындагы жана көз капкактарындагы тырыктар (териден тышкары). | 10 | ||
| Эскертүү: 1. Эгерде бир жаракаттын кесепетинен 16-пунктта көрсөтүлгөн бир нече патологиялык өзгөрүүлөр болсо, камсыздандыруу суммасы кыйла оор кесепетин эске алуу менен бир жолу төлөнөт. | |||
| 2. Эгерде окулист врач көз жаракат алган учурдан тартып 3 айдан кийин 10, 11, 12, 13, 15-2, 16-пункттарда көрсөтүлгөн патологиялык өзгөрүүлөрдүн бар экендигин жана көрүү курчтугунун төмөндөшүн аныктаса, анда камсыздандыруу суммасы бардык кесепеттерди эске алып, аларды бири-бирине кошуу менен, бир көзгө 50%дан ашык эмес төлөнүп берилет | |||
| 17 | Көрүүсү 0,01ден кем эмес болгон бир көздүн же эки көздүн көрүүсүнүн толук жоголушуна алып келген көздүн (көздөрдүн) жаракаты | 100 | |
| 18 | Көрбөгөн көздүн чанагынын жаракат алуусунун натыйжасында алып салуу | 10 | |
| 19 | Көз чарасынын сынышы | 10 | |
| 20 | Көрүү курчтугунун төмөндөшү (1-таблицаны караңыз) | ||
| Эскертүү: 1. Жаракаттын жана башка кесепеттердин натыйжасында көрүү курчтугунун төмөндөшүнө байланыштуу камсыздандыруу суммасын төлөө жөнүндө чечим дарылануу аяктагандан кийин, бирок жаракат алган күндөн тартып 3 айдан эрте эмес кабыл алынат. Бул мөөнөт аяктагандан кийин камсыздандырылган эки көзүнүн көрүү курчтугун (коррекцияны эске албастан) жана келтирилген бузулуулардын башка кесепеттерин аныктоо үчүн окулист-врачка жиберилет. Мындай учурларда 14, 15-1, 19-пункттар боюнча жаракаттын фактыларын эске алуу менен камсыздандыруу суммасы алдын ала төлөнүшү мүмкүн. | |||
| 2. Эгерде жаракат алганга чейин жабыркаган көздүн көрүү курчтугу жөнүндө маалымат жок болсо, анда ал жабыркабаган көзүндөй эле болчу деп шарттуу түрдө эсептөө керек. Бирок эгерде жабыркабаган көздүн көрүү курчтугу жабыркагандыгына караганда төмөн болуп чыкса, жабыркаган көздүн көрүү курчтугун 1,0 барабар деп шарттуу түрдө эсептөө керек | |||
| 3. Эгерде жаракаттын кесепетинен эки көз тең жабыркаса жана жаракат алганга чейин алардын көрүүсү жөнүндө маалымат жок болсо, алардын көрүү курчтугу 1,0 түзгөн деп шарттуу түрдө эсептөө керек. | |||
| 4. Эгерде көрүүнүн курчтугу жаракаттан кийин төмөндөшүнө байланыштуу жасалма хрусталча салынган же коррекциялоочу линза колдонулган учурда, камсыздандыруу суммасы операцияга чейинки көрүү курчтугун эске алуу менен төлөнөт | |||
| Угуу органдары | |||
| 21 | Кулак калканынын төмөнкүлөргө алып келген жабыркашы: | ||
| 1) кемирчектин сынышына; | 3 | ||
| 2) кулак калканынын 1/3 бөлүгүнө чейин жок болушуна; | 5 | ||
| 3) кулак калканынын 1/3-1/2 бөлүгүнүн жок болушуна; | 10 | ||
| 4) кулак калканынын 1/2 бөлүгүнөн ашык жок болушуна; | 30 | ||
| Эскертүү. 21-пункт (2, 3, 4) боюнча камсыздандыруу суммасын төлөө жөнүндө чечим жаракат айыккандан кийин жүргүзүлгөн күбөлөндүрүү маалыматтарынын негизинде кабыл алынат. Эгерде камсыздандыруу суммасы 21-пункт боюнча төлөнсө, 58-пункт колдонулбайт | |||
| 22 | Бир кулактын угуусунун төмөндөшүнө алып келген жабыркашы: | ||
| 1) 1ден 3 метрге чейинки аралыкта шыбырап сүйлөөнү укпоого; | 5 | ||
| 2) 1 метрге чейинки аралыкта шыбырап сүйлөөнү укпоого; | 15 | ||
| 3) толук дүлөй (сүйлөшүүлөрдү угуу - 0). | 25 | ||
| Эскертүү. Жаракаттын кесепетинен угуунун төмөндөшүнө байланыштуу камсыздандыруу суммасын төлөө жөнүндө чечим дарылоо аяктагандан кийин, бирок жаракат алган күндөн тартып 3 айдан эрте эмес кабыл алынат. Бул мөөнөт аяктагандан кийин жабырлануучу алган жарааттын кесепеттерин аныктоо үчүн ЛОР-адиске жиберилет. Мындай учурларда 23, 24-1-пункттары боюнча жаракаттын фактысын эске алуу менен камсыздандыруу суммасы алдын ала төлөнүшү мүмкүн (эгер негиз бар болсо) | |||
| 23 | Жаракаттын кесепетинен бир тарсылдагы жарылса жана угуунун төмөндөшүнө алып келбесе. | 5 | |
| Эскертүү: 1. Эгерде жаракаттын кесепетинен тарсылдагы жарылса жана угуусу төмөндөсө камсыздандыруу суммасы 22-пункт боюнча аныкталат. Мында 23-пункт колдонулбайт. Эгерде баш сөөгүнүн (баш сөөктүн ортоңку кобулчасынын) сынышынын кесепетинен тарсылдагы жарылса 23-пункт колдонулбайт | |||
| 24 | Бир кулактын жаракаттан кийинки отитке алып келген жабыркашы: | ||
| 1) курч ириңдөөгө; | 3 | ||
| 2) өнөкөткө. | 5 | ||
| Эскертүү. Эгерде бул жаракаттын оорлошу жаракат алгандан кийин үч ай өткөндөн кийин ЛОР-адис тарабынан аныктаса, 24-пункт боюнча камсыздандыруу суммасы кошумча төлөнөт. Бул мөөнөттөн мурда камсыздандыруу суммасы тиешелүү берене боюнча жаракаттын фактысын эске алуу менен төлөнөт | |||
| Дем алуу системасы | |||
| 25 | Мурун сөөктөрүнүн, кемирчегинин, маңдай, гаймордук көбөөлүнүн алдыңкы бетинин, решеткалуу сөөктүн сынышы, чыгып кетиши. | 5 | |
| Эскертүү. Эгерде сөөктөрдүн, мурун кемирчегинин сынышына, чыгып кетишине байланыштуу алар деформация болсо жана бул дарылоо-профилактикалык мекеменин маалымкаты жана күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары менен ырасталса, камсыздандыруу суммасы 25 жана 58-пункттар боюнча (эгерде бул беренени колдонууга негиз бар болсо) кошуу жолу менген төлөнөт | |||
| 26 | Өпкөнүн жабыркашы, тери астындагы эмфизема, гемоторакс, пневмоторакс, пневмония, экссудациялык плеврит, көкүрөк көңдөйүндөгү бөтөн нерсе (нерселер): | ||
| 1) бир тарабында; | 5 | ||
| 2) эки тарабында. Эскертүү: | 10 | ||
| 1. Жаракатты дарылоонун мезгилинде же жаракаттын себеби боюнча операция жасалгандан кийин өрчүгөн пневмония (көкүрөк клеткаларынын жана көкүрөк органдарынын жабыркашын кошпогондо) камсыздандыруу суммасын төлөө үчүн негиз болбойт. | |||
| 2. Эгерде кабыргалардын, төш сөөгүнүн сынышы 26-пунктта каралган оорлошууга алып келсе, бул пункт боюнча камсыздандыруу суммасы 28, 29-пункттарга кошумча төлөнөт | |||
| 27 | Көкүрөк клеткаларынын жана анын органдарынын төмөнкүлөргө алып келген жабыркашы: | ||
| 1) өпкөнүн жетишсиздигине (жаракат алган күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин) | 10 | ||
| 2) өпкөнүн үлүшүнүн, бөлүгүнүн кесип алынышына; | 40 | ||
| 3) өпкөнүн бир капталынын кесип алынышына. Эскертүү. 27-пункт (2, 3) боюнча камсыздандыруу суммасын төлөөдө 27-1-пункт колдонулбайт | 60 | ||
| 28 | Төш сөөгүнүн сынышы | 5 | |
| 29 | Ар бир кабырганын сынышы | 3 | |
| Эскертүү: 1. Реанимациялык иш-чараларды жүргүзүү убагында кабыргалар сынса камсыздандыруу суммасы жалпы негизде төлөнөт. | |||
| 2. Кабырганын кемирчек бөлүгүнүн сынышы камсыздандыруу суммасын төлөө үчүн негиз болот. | |||
| 3. Эгерде ар кандай медициналык дарылоо-профилактикалык мекемелерден алынган маалымкаттарда жабыркаган кабыргалардын саны ар кандай көрсөтүлсө, камсыздандыруу суммасы сынган кабыргалардын көбүрөөк санын эске алуу менен төлөнөт | |||
| 30 | Көкүрөк клеткасын тешип өткөн жаракат, жаракатка байланыштуу жүргүзүлгөн торакоскопия, торацентез, торакотомия: | ||
| 1) торакоскопия, торацентез, көкүрөк көңдөйүндөгү органдарды жабыркатпастан, торакотомияны жүргүзүүнү талап кылбаган тешип өткөн жаракат: | 5 | ||
| 2) көкүрөк көңдөйүнүн органдары жабыркабаганда; | 10 | ||
| - көкүрөк көңдөйүнүн органдары жабыркаганда; | 15 | ||
| - кайталанган торакотомиялар (алардын санына карабастан). | 10 | ||
| Эскертүү: 1. Эгерде көкүрөк клеткасынын жана анын органдарынын жабыркашына байланыштуу өпкө же анын бөлүгү алынып салса, камсыздандыруу суммасы 27-пунктка ылайык төлөнөт, мында 30-пункт колдонулбайт. 30 жана 26-пункттар бир эле учурда колдонулбайт. | |||
| 2. Эгерде көкүрөк көңдөйүнө жаракат алышына байланыштуу торакоскопия, торацентез, торакотомия жүргүзүлсө, камсыздандыруу суммасы бир жолу жасалган кыйла татаал операцияны эске алуу менен төлөнөт | |||
| 31 | Функцияларынын бузулушуна алып келбеген кекиртектин, трахеянын, калкан сымал кемирчектин жабыркашы, тил алдындагы сөөктүн сынышы, жогорку дем алуу жолдорунун күйүшү. | 5 | |
| Эскертүү: Эгерде жаракатка байланыштуу бронхоскопия, трахеостомия (трахеотомия) жүргүзүлсө, камсыздандыруу суммасынын кошумча 5% төлөнөт | |||
| 32 | Төмөнкүлөргө алып келген кекиртектин, трахеянын, тил алдындагы сөөктүн, калкан сымал кемирчектин жабыркашы, жаракатка байланыштуу жүргүзүлгөн трахеостомия: | ||
| 1) үндүн каргылданышына же жоголушуна, жаракат алгандан кийин 3 айдан кем эмес трахеостомиялык түтүктү тагынууга; | 10 | ||
| 2) үндүн жоголушуна, жаракат алгандан кийин 6 айдан кем эмес трахеостомиялык түтүктү тагынууга. | 20 | ||
| Эскертүү. 32-пункт боюнча камсыздандыруу суммасы 31-пункт боюнча жаракат алууга байланыштуу төлөнгөн камсыздандыруу суммасына кошумча төлөнөт. Эгерде жабырлануучу өз арызында жаракат кекиртектин же трахеянын функциясынын бузулушуна алып келди деп көрсөткөн учурда, жаракат алгандан 3 ай өткөндөн кийин адистин корутундусун алуу зарыл. Бул мөөнөттөн мурда камсыздандыруу суммасы 31-пункт боюнча төлөнөт | |||
| Жүрөк-кан тамыр системасы | |||
| 33 | Жүрөк-кан тамыр жетишсиздигине алып келбеген жүрөктүн, анын кабыкчаларынын жана ири магистралдык кан тамырлардын жабыркашы | 25 | |
| 34 | Жүрөк-кан тамыр жетишсиздигине алып келген жүрөктүн, анын кабыкчаларынын жана ири магистралдык кан тамырлардын жабыркашы: | ||
| 1) I даражадагы; | 10 | ||
| 2) II-III даражадагы. | 25 | ||
| Эскертүү. Эгерде № 195 ф маалымкатта жүрөк-кан тамыр жетишсиздигинин даражасы көрсөтүлбөсө, камсыздандыруу суммасы 34-1-пункт боюнча төлөнөт | |||
| 35 | Чоң перифериялык кан тамырлардын төмөнкүлөрдүн деңгээлинде (кан айлануунун бузулушуна алып келбеген) жабыркашы: | ||
| 1) ийиндин, сандын; | 10 | ||
| 2) каруунун, шыйрактын | 15 | ||
| 36 | Кан тамыр жетишсиздигине алып келген чоң перифериялык тамырлардын жабыркашы: | 20 | |
| Эскертүү: 1. Чоң магистралдык кан тамырларга төмөнкүлөрдү киргизүү керек: аортаны, өпкө, аты жок, уйку артерияларын, ички моюнтурук веналарын, жогорку жана төмөнкү көңдөй веналарын, капка веналарын, ошондой эле ички органдардын кан айлануусун камсыз кылуучу магистралдык кан тамырларды. Чоң перифериялык кан тамырларга төмөнкүлөрдү киргизүү керек: акырек астындагы, колтук астындагы, ийин, чыканак жана билек артерияларын, жанбаш, сан, тизе алдындагы, алдыңкы жана арткы чоң жото жилик артерияларын ийиндеги-баштагы, акыректин астындагы, колтуктун астындагы, сандагы жана тизенин алдындагы веналарды. 2. Эгерде жабырлануучу өз арызында жаракат жүрөк-кан тамыр системасынын функциясынын бузулушуна алып келди деп көрсөтсө, адистин корутундусун алуу зарыл. 3. Эгерде бул беренелерде көрсөтүлгөн оорлошуулар, жаракаттар жаракат алгандан кийин 3 ай өткөндө дарылоо-профилактикалык мекемелерде аныкталса жана ошол мекеменин маалымкаты менен ырасталса 34, 36-пункттар боюнча камсыздандыруу суммасы кошумча төлөнөт. Төлөмдөр мөөнөтүнөн мурда 33, 35-пункттар боюнча төлөнүп берилет. 4. Эгерде чоң кан-тамырлардын жабыркашына байланыштуу кан тамырлардын нугун калыбына келтирүү максатында операциялар жүргүзүлсө, камсыздандыруу суммасынын 5%ы кошумча төлөнөт | |||
| Тамак сиңирүү органдары | |||
| 37 | Үстүнкү жаактын, бет сөөгүнүн же астыңкы жаактын сынышы, жаактын чыгып кетиши: | ||
| 1) бир сөөктүн сынышы, жаактын чыгып кетиши; | 5 | ||
| 2) эки же андан көп сөөктүн сынышы же бир сөөктүн эки сынышы. | 10 | ||
| Эскертүү. Эгерде жаактын жана бет сөөктөрүнүн жаракатына байланыштуу операция жасалса, камсыздандыруу суммасынын 5%ы бир жолу кошумча төлөнөт | |||
| 38 | Жаактын көнүмүш чыгып кетиши. | 10 | |
| Эскертүү. Эгерде камсыздандыруу мезгилинде жана андан кийин 3 жыл ичинде алынган жаракаттын жыйынтыгында оорлошуу болсо, алдынкы жаак көнүмүш чыгып кеткен учурда 37-пункт боюнча төлөнгөн камсыздандыруу суммасына кошумча камсыздандыруу суммасы төлөнөт. Жаактын көнүмүш чыгып кетиши кайталанган учурларда камсыздандыруу суммасы төлөнбөйт | |||
| 39 | Төмөнкүлөрдүн жок болушуна алып келген, жаактын жабыркашы: | ||
| 1) жаактын бөлүктөрүнүн (альвеолярдык өсүндүнү кошпогондо); | 40 | ||
| 2) жаактын. | 80 | ||
| Эскертүү: 1. Жаактын же анын бөлүгүнүн жок болушуна байланыштуу камсыздандыруу суммасын төлөөдө тиштердин жок болушу, алардын санына карабастан эске алынат. 2. Жаактын жаракаты ооз көңдөйүнүн башка органдарынын жабыркашы менен коштолгон учурларда, төлөнүүгө тийиш болгон камсыздандыруу суммасынын пайызы ошол жабыркоолорду эске алуу менен, тиешелүү беренелер боюнча кошуу жолу менен аныкталат. 3. 39-пункт боюнча камсыздандыруу суммасын төлөөдө, жасалган операциялар үчүн кошумча камсыздандыруу суммасы төлөнбөйт | |||
| 40 | Тырыктардын пайда болушуна алып келген (алардын өлчөмүнө карабастан), тилдин, ооз көңдөйүнүн (жарааттан, күйүктөн, үшүктөн) жабыркашы | 3 | |
| 41 | Төмөнкүлөргө алып келген, тилдин жабыркашы: | ||
| 1) тилдин учунун жоктугуна; | 10 | ||
| 2) тилдин дисталдык үчтөн бир бөлүгүнүн жоктугуна; | 15 | ||
| 3) тилдин үчтөн биринин орто деңгээлде жоктугуна; | 30 | ||
| 4) тилдин түп-тамыры деңгээлинде жоктугуна же тилдин толук жоктугуна | 60 | ||
| 42 | Төмөнкүлөргө алып келген, тиштердин жабыркашы: | ||
| 1) тиш кабынын кетилишине, тиштин (коронкасынын, моюнчасынын, тамырынын) сынышына, тиштин чыгып кетишине: 2) жок болушуна: | 3 | ||
| 1) 1 тиштин; | 5 | ||
| 2) 2-3 тиштин; | 10 | ||
| 2) 4-6 тиштин; | 15 | ||
| 4) 7-9 тиштин; | 20 | ||
| 5) 10 жана андан көп тиштин. | 25 | ||
| Эскертүү: 1. Алынбаган протези менен тиштер жаракаттын натыйжасында түшкөн же сынган учурда, камсыздандыруу суммасы таяныч тиштердин сынышын эске алуу менен төлөнөт. Алынуучу протездер жаракаттын натыйжасында жабыркаганда камсыздандыруу суммасы төлөнбөйт. 2. 5 жашка чейинки балдардын сүт тиштери түшкөн же сынган учурда, камсыздандыруу суммасы жалпы негизде төлөнөт. 3. Тиш түшкөн жана жаак сынган учурда, төлөнүүгө тийиш болгон камсыздандыруу суммасынын өлчөмү 37 жана 42-пункттар боюнча кошуу жолу менен аныкталат. 4. Эгерде тиштин жаракатына байланыштуу 42-1-пункт боюнча камсыздандыруу жөлөк пулу төлөнүп берилсе, андан кийин ал тиш сууруп салынса, мурда төлөнүп берилген камсыздандыруу жөлөк пулу төлөнүүгө тийиш болгон камсыздандыруу суммасынан кемитилет. 5. Эгерде жаракатка байланыштуу суурулган тиштин ордуна имплант коюлса, камсыздандыруу суммасы 42-пункт боюнча жалпы негизде төлөнөт. Ошол тиш суурулган учурда кошумча төлөм төлөнбөйт | |||
| 43 | Кулкундун, кызыл өңгөчтүн, ашказандын, ичегилердин жабыркашы (жараат, үзүлүшү, күйүк), ошондой эле ушул жабыркоолорго байланыштуу же кызыл өңгөчтөгү, ашказандагы бөтөн нерселерди алып салуу максатында жасалган, функциялык бузулууларга алып келбеген эзофагогастроскопия | 5 | |
| 44 | Төмөнкүлөргө алып келген, кызыл өңгөчтүн жабыркашы (жараат, үзүлүшү, күйүк): | ||
| 1) кызыл өңгөчтүн ичкеришине; | 40 | ||
| 2) кызыл өңгөчтүн өткөрбөстүгүнө (гастростомия болгондо), ошондой эле кызыл өңгөчкө пластикалык операциядан кийинки абалда. Эскертүү. 44-пункт боюнча төлөнүүгө тийиш болгон камсыздандыруу суммасынын пайызы жаракат алган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес аныкталат. Камсыздандыруу суммасы ушул мөөнөттөн мурда 43-пункт боюнча алдын ала төлөнөт жана акыркы чечимди кабыл алууда бул пайыз алып салынат | 100 | ||
| 45 | Төмөнкүлөргө алып келген, тамак сиңирүү органдарынын жабыркашы (үзүлүшү, күйүк, жараат): | ||
| 1) холецистит, дуоденит, гастрит, панкреатит, энтерит, колит, проктит, парапроктитке; | 5 | ||
| 2) ашказандын, ичегилердин, көтөн чучуктун тырык болуп ичкеришине (деформация); | 15 | ||
| 3) ички органдардын жабышуу оорусуна, жабышып өткөрбөстүгү боюнча операциядан кийинки абалга; | 25 | ||
| 4) ичеги кулгунасы, ичеги-вагинапдык кулгунасы, уйку безинин кулгунасына; | 50 | ||
| 5) табигый эмес жол менен жоон ичегиден тешик чыгаруу (колостома). | 100 | ||
| Эскертүү: 1. 1, 2, 3-пунктчаларда каралган жаракат оорлошуп кеткен учурда камсыздандыруу суммасы жаракаттан кийин 3 ай өткөндөн кийин, ал эми 4 жана 5-пунктта каралган учурда - жаракаттан кийин 6 ай өткөндөн кийин ушул оорлошуу бар болгон шартта төлөнөт. Аталган жаракаттын оорлошуусу дарылоо-профилактикалык мекеменин маалымкаты менен тастыкталган учурда гана таанылат. Камсыздандыруу суммасы ушул мөөнөттөн мурда 43-пункт боюнча төлөнөт жана акыркы чечимди кабыл алууда бул пайыз алып салынат. 2. Эгерде бир жаракаттын натыйжасында бир пунктта саналып өткөн оорлошуулар келип чыкса, камсыздандыруу суммасы бир жолу төлөнөт. Бирок, ар башка пунктчаларда саналып өткөн патологиялык өзгөрүүлөр келип чыкса, камсыздандыруу суммасы алардын ар бири эске алынып, кошуу жолу менен төлөнөт | |||
| 46 | Ичтин алдынкы бетинин, диафрагманын жабыркаган жеринде же, эгерде операция жаракатка байланыштуу жасалса, операциядан кийинки тырыктардын жанында пайда болгон чурку же мындай чуркуга жасалган операциядан кийинки абал. | 10 | |
| Эскертүү: 1. 46-пункт боюнча камсыздандыруу суммасы, эгерде бул жаракаттын түздөн-түз кесепетинен болсо, ич органдарынын жаракатына байланыштуу аныкталган камсыздандыруу суммасына кошумча төлөнөт. 2. Оордуктарды көтөрүүнүн натыйжасында келип чыккан ичтеги (киндиктеги, ак сызыктагы, ичегидеги жана чурай-калта чуркусу) чурку камсыздандыруу суммасын төлөөгө негиз болбойт | |||
| 47 | Төмөнкүлөргө алып келген, жаракаттын кесепетинен боордун жабыркашы: | ||
| 1) операция талап кылынбаган боордун чел кабыгынын айрылышына, гепатитке, жаракатка байланыштуу түздөн-түз өнүккөн сарык гепатитине, гепатозго; | 5 | ||
| 2) боордун жетишсиздигине | 10 | ||
| 48 | Төмөнкүлөргө алып келген, боордун, өттүн жабыркашы: | ||
| 1) боордун айрылган жерин тигүүгө же өттү алып салууга; | 15 | ||
| 2) боордун айрылган жерин тигүүгө жана өттү алып салууга; | 20 | ||
| 3) боордун бөлүгүн алып салууга; | 25 | ||
| 4) боордун бөлүгүн жана өттү алып салууга | 35 | ||
| 49 | Төмөнкүлөргө алып келген, көк боордун жабыркашы: | ||
| 1) операция талап кылынбаган көк боордун чел кабыгынын айрылышына; | 5 | ||
| 2) көк боорду алып салууга | 30 | ||
| 50 | Төмөнкүлөргө алып келген, ашказандын, уйку бездин, ичегилердин, чычыркайдын жабыркашы: | ||
| 1) уйку безде жалган кистанын пайда болушуна; | 20 | ||
| 2) ашказандын, ичегилердин, уйку бездин резекциясына; | 30 | ||
| 3) ашказанды алып салууга. | 60 | ||
| Эскертүү. Бир пунктчада саналган жаракаттын кесепеттеринде камсыздандыруу суммасы бир жолу төлөнөт. Бирок, эгерде ар башка органдардын жаракаты ар башка пунктчаларда көрсөтүлгөн оорлошууларга алып келсе, камсыздандыруу суммасы алардын ар бири эсепке алынып, кошуу жолу менен төлөнөт | |||
| 51 | Ич көңдөйүнүн органдарынын жабыркашына байланыштуу төмөнкүлөр жасалса: | ||
| 1) лапароскопия (лапароцентез); | 5 | ||
| 2) ич көңдөйүнүн органдарынын жабыркашына шек жаралгандагы лапаротомия (анын ичинде лапароскопия, лапароцентез менен); | 10 | ||
| 3) ич көңдөйүнүн органдары жабыркагандагы лапаротомия (анын ичинде лапароскопия, лапароцентез менен); | 15 | ||
| 4) кайталанган лапаротомия (алардын санына карабастан). | 10 | ||
| Эскертүү: 1. Эгерде ич көңдөйүнүн органдарынын жаракатына байланыштуу 47-50-пункттар боюнча камсыздандыруу суммасын төлөө үчүн негиздер болсо, 51-пункт (4-пунктчадан башкасы) колдонулбайт. 2. Эгерде бир жаракаттын кесепетинен ич көңдөйүндөгү ар кандай органдар жабыркаса, алардын бири же бир нечеси алып салынса, башкасы (башкалары) тигилсе, камсыздандыруу суммасы тиешелүү пункттар боюнча жана 51-2-пункту бир жолу төлөнөт. 3. Бир жаракаттын кесепетинен тамак сиңирүү, заара бөлүп чыгаруу органдары же жыныстык система (алар алып салынбастан) жабыркаганда 55-пункт боюнча (5%) камсыздандыруу суммасы кошумча төлөнөт | |||
| Заара бөлүп чыгаруу жана жыныс системалары | |||
| 52 | Төмөнкүлөргө алып келген, бөйрөктүн жабыркашы: | ||
| 1) бөйрөктүн жабыркашына, операция жасоо талап кылынбаган бөйрөктүн чел кабыгынын айрылышына; | 5 | ||
| 2) бөйрөктүн бир бөлүгүн алып салууга; | 30 | ||
| 3) бөйрөктү алып салууга | 60 | ||
| 53 | Төмөнкүлөргө алып келген, заара бөлүп чыгаруу системасынын органдарынын (бөйрөктүн, заара түтүгүнүн, табарсыктын, заара чыгаруучу каналдын) жабыркашы: | ||
| 1) циститке, уретритке; | 5 | ||
| 2) бөйрөктүн курч кармаган жетишсиздигине, пиелитке, пиелоциститке; | 10 | ||
| 3) табарсык көлөмүнүн азайышына; | 15 | ||
| 4) гломерулонефритке, пиелонефритке, заара түтүгүнүн, заара чыгаруучу каналдын кууш болушуна; | 25 | ||
| 5) узак убакыт басымда болуу синдромуна (жаракат токсикозуна, краш синдромуна, талкалоо синдромуна), бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздигине; | 30 | ||
| 6) заара түтүгүнүн, заара чыгаруучу каналдын тарышына, заара-жыныс каналдарынын тешилишине; | 40 | ||
| Эскертүү: 1. Эгерде жаракаттын кесепетинен заара бөлүп чыгаруу системасынын бир нече органдарынын функциялары бузулса, 53-пунттагы жабыркоонун эң оор кесепетин эске алуучу пунктчаларынын бири боюнча төлөнө турган камсыздандыруу суммасынын пайызы аныкталат. 2. 53-пункттун 1, 3, 4, 5 жана 6-пунктчаларында саналган жаракаттардын кесепеттерине байланыштуу камсыздандыруу суммасы эгерде жаракат алгандан кийин 3 ай өткөндө оору күчөп кеткен учурда төлөнөт. Бул мөөнөттөн мурун камсыздандыруу суммасы 52 же 55-1-пункт боюнча төлөнөт жана бул пайыз акыркы чечимди кабыл алууда кемитилбейт | |||
| 54 | Заара чыгаруу системасынын органдарынын жабыркашына байланыштуу операциялар төмөнкү учурларда жасалат: | ||
| 1) цистостомияда; | 5 | ||
| 2) органдардын жабыркашына шек жаралганда; | 10 | ||
| 3) органдар жабыркаганда: | 15 | ||
| 4) жаракатка байланыштуу кайра жасалган операцияларда (алардын санына карабастан). | 10 | ||
| Эскертүү. Эгерде жаракатка байланыштуу бөйрөк же анын бир бөлүгү алып салынса, камсыздандыруу суммасы 52-пункт (2, 3) боюнча төлөнөт; мында 54-берене колдонулбайт | |||
| 55 | Жыныс органдарынын же заара бөлүп чыгаруу системасынын жабыркашы: | ||
| 1) жаракат, жарылуу, күйүү | 5 | ||
| 56 | Төмөнкүлөргө алып келген жыныстык системанын жабыркашы: | ||
| 1) бир жумуртканын, жатын түтүгүнүн, эндин алынышына; | 15 | ||
| 2) эки жумуртканын, эки жатын түтүгүнүн, эндердин, жыныс мүчөсүнүн бөлүгүнүн алынышына; | 30 | ||
| 3) төмөнкү курактагы аялдардын жатындан айрылышына: | |||
| - 40 жашка чейинки; | 50 | ||
| - 40 жаштан 50 жашка чейинки; | 30 | ||
| - 50 жаш жана андан улуу; | 15 | ||
| 4) жыныс мүчөсүн жана эки жумуртканы жоготушуна | 50 | ||
| 57 | Төмөнкүлөргө алып келген төрөт: | ||
| 1) жатындын жалгыз түтүгүнүн, жалгыз жумуртканын алынышына; | 15 | ||
| 2) жатындын эки түтүгүнүн, эки жумуртканын алынышына; | 30 | ||
| 3) төмөнкү куракта жатындан (анын ичинде коштондусу менен) айрылышына: | |||
| - 40 жашка чейин; | 50 | ||
| - 40 жаштан 50 жашка чейин; | 30 | ||
| - 50 жаш жана жогору. | 15 | ||
| Эскертүү. Жатындан тышкары бойго бүтүү боюнча операция жасоо учурунда бойго бүткөн түтүк менен бирге экинчи жатын түтүгү оорусуна байланыштуу же стерилизациялоо максатында алып салынган (байланган) учурда камсыздандыруу суммасы 57-пункт боюнча төлөнөт. | |||
| Жумшак ткандар | |||
| 58 | Беттин, моюндун алдыңкы-каптал бетинин, ээктин алды жагынын, кулак калканынын жабыркаган жумшак ткандарынын айыккандан кийин төмөнкүлөргө алып келиши: | ||
| 1) 0,5тен 1,0 см2 чейинки бөлүктө тырыктын пайда болушу; | 3 | ||
| 2) аянты 1,0 см2 чейинки жана андан көп же узундугу 5 см же андан ашуун тырыктын пайда болушу; | 5 | ||
| 3) теринин абалынын олуттуу бузулушу; | 10 | ||
| 4) теринин абалынын кескин бузулушу; | 30 | ||
| 5) келбеттин оңолгус бузулушу | 70 | ||
| Эскертүү: 1. Косметикалык жактан билинген тырыктарга айланасындагы териден түсү боюнча айырмаланган, анын үстүнкү бетинен ылдый тартылган же өйдө чыгып турган, тканды тартып турган тырыктар кирет. Келбеттин оңолгус бузулушу - бул механикалык, химиялык, термикалык жана башка күч колдонуунун таасиринин кесепетинен адамдын бетинин табигый көрүнүшүнүн кескин өзгөрүшү. 2. Эгерде беттин сөөктөрү сынып, сөөк сыныктарынын жылып кетишине байланыштуу операция (ачык репозиция) жүргүзүлсө, анын кесепетинен бетте тырыктар пайда болсо, эгерде ошол тырыктар келбетти тигил же бул даражада бузса, сыныкты жана операциядан кийинки тырыктарды эске алуу менен, камсыздандыруу суммасы төлөнөт | |||
| 59 | Баштын чачтуу бөлүгүндөгү, тулку бойдогу, кол-буттагы жабыркаган жумшак ткандардын бузулушу айыккандан кийин дененин бетинде төмөнкүдөй көлөмдө тырыктардын пайда болушуна алып келсе: | ||
| 1) 2,0дөн 5,0 см2 же узундугу 5 см же андан ашуун | 3 | ||
| 2) 5 см2 дан 0,5%га чейин; | 5 | ||
| 3) 0,5%дан 2,0%га чейин; | 10 | ||
| 4) 2,0%дан 4,0%га чейин; | 15 | ||
| 5) 4%дан 6%га чейин; | 20 | ||
| 6) 6%дан 8%га чейин; | 25 | ||
| 7) 8%дан 10%га чейин; | 30 | ||
| 8) 10%дан 15%га чейин; | 35 | ||
| 9) 15% же андан ашуун. | 40 | ||
| Эскертүү: 1. Изилденип жаткан дененин бетинин 1%ы анын чеңгелинин жана манжаларынын алакан бетинин көлөмүнө барабар. Бул көлөм чеңгелдин билек муунунан III манжанын тырнак шыйбылчактарынын чокусуна чейинки ченелген узундугун II-Y манжа сөөктөрүнүн (I манжаны эске албастан) баш жагынын деңгээлинде ченелген анын туурасына көбөйтүү жолу менен квадрат сантиметрде аныкталат. 2. Тырыктардын көлөмүн аныктоодо теринин жабыркаган бөлүгүндөгү кемтикти жабуу үчүн тери трансплантаты алынган жерде пайда болгон тырыктарды дагы эске алуу керек. 3. Эгерде операция (ачык жаракаттарда, тарамыштарга пластик коюлса, кан тамырлар, нервдер тигилсе ж.б.) үчүн камсыздандыруу суммасы төлөнсө, 59-пункт колдонулбайт. | |||
| 60 | Тулку бойдун, кол-буттардын жумшак ткандарынын жабыркашы денеде төмөнкүдөй көлөмдө пигменттик тактардын пайда болушуна алып келсе: | ||
| 1) 1%дан 2%га чейин; | 3 | ||
| 2) 2%дан 10%га чейин; | 5 | ||
| 3) 10%дан 15%га чейин; | 10 | ||
| 4) 15% жана андан ашуун. | 15 | ||
| Эскертүү: 1. 58, 59, 60-пункттар боюнча камсыздандыруу суммасын төлөө боюнча чечим жарааттын үстүнкү бети айыккандан кийин жүргүзүлгөн күбөлөндүрүүнүн маалыматтарын эске алуу менен, бирок жаракат алгандан кийин 1 айдан эрте эмес кабыл алынат. | |||
| 2. 59 жана 60-пункттар боюнча төлөнгөн жалпы сумма 40%дан ашпоого тийиш. | |||
| 61 | Күйүк оорусу, күйүк шогу. | 10 | |
| Эскертүү. 61-пункт боюнча камсыздандыруу суммасы күйүккө байланыштуу төлөнүүчү камсыздандыруу суммасына кошумча төлөнөт | |||
| 62 | Жумшак ткандардын жабыркашы: | ||
| 1) алынбаган бөтөн заттар; | 3 | ||
| 2) булчуң чуркусу (грыжа), жарааттан кийинки периостит, көлөмү 2 см2 дан кем эмес тарай элек гематома, булчуңдардын жарылышы; | 3 | ||
| 3) манжаларды кошпогондо, тарамыштардын үзүлүшү, таяныч-кыймыл аппаратынын башка бөлүгүнөн аутотрансплантаттын алынышы. | 5 | ||
| Эскертүү: 1. Эгерде жаракаттын оордошуусу жаракат алган күндөн тартып 1 ай өткөндөн кийин дагы айыкпаса, тарай элек гематомага, булчуң чуркусуна (грыжа) же жаракаттан кийинки периоститке байланыштуу камсыздандыруу суммасы төлөнөт. 2. 62-пункт боюнча камсыздандыруу суммасын төлөө жөнүндө чечим (бир жолку жөлөкпул) жаракат алгандан кийин 1 айдан эрте эмес жүргүзүлгөн күбөлөндүрүүнүн маалыматтарын эске алуу менен кабыл алынат. | |||
| Омуртка | |||
| 63 | Омурткалардын тулкусунун, догосунун жана муун өсүндүсүнүн сынышы, сынып жана чыгып кетиши же чыгып кетиши (куймулчактан жана чычаңдан тышкары): | ||
| 1) бир-экөөнүн; | 20 | ||
| 2) үчтөн бешке чейин; | 30 | ||
| 3) алты жана андан ашуун | 40 | ||
| 64 | Омурткалардын ортосундагы байламталардын үзүлүшү (14 күндөн кем эмес дарыланса), омурткалардын чыгышы (чычаңдан башкасы). Эскертүү. Омуртканын чыгып кетиши кайталанган учурда камсыздандыруу суммасы төлөнбөйт | 5 | |
| 65 | Ар бир туурасынан кеткен же урчуктуу өсүндүнүн сынышы | 3 | |
| 66 | Куймулчактын сынышы | 10 | |
| 67 | Чычаңдын жабыркашы: | ||
| 1) чычаң омурткаларынын чала чыгышы; | 3 | ||
| 2) чычаң омурткаларынын чыгышы; | 5 | ||
| 3) чычаң омурткаларынын сынышы. | 10 | ||
| Эскертүү: 1. Эгерде омуртканын (анын ичинде куймулчактын жана чычаңдын) жаракатына байланыштуу операция жасалса, кошумча 10% камсыздандыруу суммасы бир жолу төлөнөт. 2. Эгерде омурткалардын сынышы же чыгышы жүлүндүн жабыркашы менен коштолсо, камсыздандыруу суммасы эки жабыркоону эске алып. кошуу жолу менен төлөнөт. 3. Эгерде бир жаракаттын кесепетинен омуртканын тулкусу сынса, байламталар жабыркаса, туурасынан кеткен же урчуктуу өсүндүлөр сынса, камсыздандыруу суммасы эң оор жаракат каралган берене боюнча бир жолу төлөнөт | |||
| Дененин жогору жагындагы сөөктөр | |||
| Далы, акырек сөөктөрү | |||
| 68 | Далынын, акыректин сынышы, акромиалдык-акырек, төш-акырек сөөктөрүн кошкон муундардын толук же жарым-жартылай үзүлүшү: | ||
| 1) бир сөөктүн сынышы, чыгып кетиши, бир муун биригүүсүнүн үзүлүшү; | 5 | ||
| 2) эки сөөктүн сынышы, бир сөөктүн эки жеринен сынышы, эки муун биригүүсүнүн үзүлүшү же сынышы, бир сөөктүн чыгып кетиши жана бир муун биригүүсүнүн үзүлүшү, акыректин сынуусу, чыгуусу; | 10 | ||
| 3) эки муун биригүүсүнүн үзүлүшү жана бир сөөктүн сынышы, эки сөөктүн сынышы жана бир муун биригүүсүнүн үзүлүшү; | 15 | ||
| 4) бүтпөгөн сынык (жалган муун). | 15 | ||
| Эскертүү: 1. Эгерде 68-пунктта саналган жабыркоолорго байланыштуу операция жасалган учурда, кошумча 5% камсыздандыруу суммасы бир жолу төлөнөт. 2. Эгерде ачык сыныкка байланыштуу операция жасалбаса, 59-пункт боюнча камсыздандыруу суммасын төлөө жөнүндө чечим жаракат айыккандан кийин жүргүзүлгөн күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат. 3. Бүтпөгөн сыныкка (жалган муундун) байланыштуу камсыздандыруу суммасы, эгерде жаракаттын бул оорлошуусу жаракат алгандан кийин 6 ай өткөндөн кийин дарылоо-профилактикалык мекемесинде аныкталса жана бул мекеменин маалымкаты менен ырасталса төлөнөт. Бул төлөм кошумча болуп саналат | |||
| Ийин муундары | |||
| 69 | Ийин муундарынын (далынын ойдуңундагы, ийин сөөктөрүнүн башындагы муундардын, анатомиялык, хирургиялык моюнчалардын, төмпөкчөлөрдүн, муун баштыкчаларынын) жабыркашы: | ||
| 1) тарамыштардын, муундар капсуласынын ажырашы, сөөктөрдүн, анын ичинде чоң төмпөкчөнүн сыныктарынын бөлүктөрү, далынын муундарынын ойдуңунун сынышы, ийиндин чыгып кетиши; | 5 | ||
| 2) эки сөөктүн сынышы, далынын сынышы жана ийиндин чыгып кетиши; | 10 | ||
| 3) ийиндин (башынын, анатомиялык, хирургиялык моюнчанын) сынышы, ийиндин сынышы-чыгып кетиши | 15 | ||
| 70 | Ийин алкагынын жабыркашы төмөнкүлөргө алып келсе: | ||
| 1) ийиндин өнөкөт чыгышына; | 15 | ||
| 2) муундагы кыймылдардын жоктугуна (анкилозго); | 20 | ||
| 3) ийин сөөктөрүн түзгөн үстүнкү муундардын резекциясынын натыйжасында ийин муундарынын "салаңдоосуна". | 40 | ||
| Эскертүү. 1. Эгерде ушул беренеде саналып өткөн оорлошуулар дарылоо-профилактикалык мекемеси тарабынан жаракат алгандан кийин 6 ай өткөндөн кийин аныкталса жана ушул мекеменин маалымкаты менен ырасталса, 70-пункт боюнча камсыздандыруу суммасы ийин муунунун жабыркашына байланыштуу төлөнгөн камсыздандыруу суммасына кошумча төлөнөт. 2. Ийин муунунун жаракатына байланыштуу операция жасалса, 10% камсыздандыруу суммасы кошумча төлөнөт. 3. Ийиндин өнөкөт чыгып кетүүсүндө, эгерде ал камсыздандыруу келишими колдонулган мезгилде болгон алгачкы чыгып кетүүдөн кийин 3 жылдын ичинде болсо, камсыздандыруу суммасы төлөнөт. Ийиндин өнөкөт чыгып кетүү диагнозун ийинди ордуна койгон дарылоо мекемеси тастыктоого тийиш. Ийиндин өнөкөт чыгып кетүүсү кайталанган учурда камсыздандыруу суммасы төлөнбөйт | |||
| Ийин | |||
| 71 | Ийин сөөктөрүнүн сынышы: | ||
| 1) ар кандай (жогорку, ортонку, төмөнкү үчтөн бири) деңгээлде; | 15 | ||
| 2) кош сынык | 20 | ||
| 72 | Ийин сөөктөрүнүн сынышы бүтпөгөн сыныкка (жалган муун) алып келсе. | 45 | |
| Эскертүү: 1. Эгерде жаракат алгандан 9 айдан кийин көрсөтүлгөн оорлошуулар дарылоо-профилактикалык мекемесинде аныкталса, ийиндин жаракатына байланыштуу төлөнгөн камсыздандыруу суммасына кошумча камсыздандыруу суммасы 72-пункт боюнча төлөнөт. 2. Эгерде ийиндин жаракатына байланыштуу операция жасалса (алгачкы хирургиялык даярдоону, тазалоону жана бөтөн нерселерди алып салууну кошпогондо), камсыздандыруу суммасына кошумча 10% төлөнөт | |||
| 73 | Дененин жогорку бөлүгүндөгү сөөктөрүнүн жаракатын ампутациялоо же оор жаракаттын кесепети төмөнкүлөрдү ампутациялоого алып келсе: | ||
| 1) далы, акырек же алардын бөлүктөрү; | 80 | ||
| 2) ийин ар кандай деңгээлде; | 75 | ||
| 3) ийин деңгээлиндеги жалгыз бөлүк. | 100 | ||
| Эскертүү. Эгерде камсыздандыруу суммасы 73-пункт боюнча төлөнсө, операция, операциядан кийинки тырыктар үчүн кошумча төлөм төлөнбөйт | |||
| Чыканак муундары | |||
| 74 | Чыканак муундарынын жаракаттары: | ||
| 1) гемартроз, билектин пронациялык чыгуусу; | 3 | ||
| 2) сөөк үзүктөрүнүн жулунушу, анын ичинде ийин сөөктөрүнүн, каржиликтин же чыканак сөөктөрүнүн сынышы, сөөктүн чыгып кетиши; | 5 | ||
| 3) каржиликтин жана чыканак сөөктөрүнүн сынышы, билектин чыгып кетиши; | 10 | ||
| 4) ийин сөөктөрүнүн сынышы; | 15 | ||
| 5) каржилик жана чыканак сөөктөрү менен кошо ийин сөөктөрүнүн сынышы. Эскертүү. Эгерде бир жаракаттын кесепетинин натыйжасында 74-пунктта саналып өткөн ар кандай жабыркоолор келип чыкса, камсыздандыруу суммасын төлөө эң оор зыянды эске алган пунктчага ылайык жүргүзүлөт | 20 | ||
| 75 | Чыканак муундарынын жабыркашы төмөнкүлөргө алып келсе: | ||
| 1) муундагы кыймылдардын жоктугуна (анкилозго); | 20 | ||
| 2) чыканак муунунун "салаңдашына" (аны түзгөн сөөктөрдүн муун беттерин резекциялоонун натыйжасында). | 30 | ||
| Эскертүү: 1. Эгерде ушул муундагы кыймылдардын бузулушун жаракат алгандан 6 ай өткөндөн кийин дарылоо-профилактикалык мекемеси аныктаса жана ушул мекеменин маалымкаты менен тастыкталса, чыканак муундары алкагындагы жаракаттарга байланыштуу 75-пункт боюнча төлөнүп берилген камсыздандыруу суммасына кошумча камсыздандыруу суммасы төлөнөт. 2. Эгерде чыканак муунунун жаракатына байланыштуу операция жасалса (биринчи хирургиялык дарылоодон жана бөтөн телолорду алып салуудан тышкары), камсыздандыруу суммасынын кошумча 10%ы бир жолу төлөнөт | |||
| Билек | |||
| 76 | Билек сөөктөрүнүн муун аймагынан башка ар кандай деңгээлде сынышы (жогорку, орто, төмөнкүнүн үчтөн бири): | ||
| 1) бир сөөктүн сынышы, чыгып кетиши; | 5 | ||
| 2) эки сөөктүн сынышы, бир сөөктүн эки жерден сынышы | 10 | ||
| 77 | Билек сөөктөрүнүн бирикпеген сыныгы (жалган муун): | ||
| 1) бир сөөктүн; | 15 | ||
| 2) эки сөөктүн. | 30 | ||
| Эскертүү. Эгерде билектин жаракаты оорлошкондугун жаракат алгандан 9 ай өткөндөн кийин дарылоо-профилактикалык мекемеси аныктаса жана ушул мекеменин маалымкаты менен тастыкталса, билектин жаракатына байланыштуу төлөнүп берилген камсыздандыруу суммасына кошумча камсыздандыруу суммасы 77-пункт боюнча төлөнөт | |||
| 78 | Жаракаттан улам ампутация же оор жаракаттын төмөнкүлөргө алып келиши: | ||
| 1) билекти ар кандай деңгээлде ампутация кылууга; | 65 | ||
| 2) чыканак муунун экзартикуляцияга; | 70 | ||
| 3) билектин деңгээлинде жалгыз колду ампутация кылууга. | 100 | ||
| Эскертүү: 1. Эгерде билектеги жаракатка байланыштуу операция жасалса (алгачкы хирургиялык дарылоодон жана бөтөн нерселерди алып салуудан тышкары), камсыздандыруу суммасынын 10%ы бир жолу төлөнөт. 2. Эгерде камсыздандыруу суммасы 78-пункт боюнча төлөнсө, операция жасоо, операциядан кийинки тырыктар үчүн кошумча төлөм төлөнбөйт | |||
| Билек мууну (кырк муун) | |||
| 79 | Билек муунунун жабыркашы: | ||
| 1) билектин бир сөөгүнүн сынышы, укурук сөөктүн өсүндүсүнүн (өсүндүлөрдүн) жулунушу, сөөк сыныгынын (сыныктарынын) жулунушу, чыканак сөөктүн башынын чыгып кетиши; | 5 | ||
| 2) билектин эки сөөгүнүн сынышы; | 10 | ||
| 3) беш манжанын перилунардык чыгып кетиши | 15 | ||
| 80 | Билек муунунун жабыркашы бул муундагы кыймылдын жоктугуна (анкилоз) алып келет. | 15 | |
| Эскертүү: 1. Эгерде муундун кыймылынын жоктугун жаракат алгандан 6 ай өткөндөн кийин дарылоо-профилактикалык мекемеси аныктаган жана ушул мекеменин маалымкаты менен тастыкталган учурда, билек муундардын жабыркашына байланыштуу төлөнгөн камсыздандыруу суммасына кошумча камсыздандыруу суммасы 80-пункт боюнча төлөнөт. 2. Эгерде билек муундарынын жабыркашына байланыштуу операция жасалса, камсыздандыруу суммасына 5% кошумча төлөнөт | |||
| Беш манжа | |||
| 81 | Билек сөөктөрүнүн сынышы же чыгып кетиши, беш манжанын сөөктөрүнүн сынышы: | ||
| 1) бир сөөктүн (ладьеден башка); | 5 | ||
| 2) эки же андан көп сөөктөрдүн (кырк муун сөөгүнөн башка) | 10 | ||
| 3) кырк муун сөөгү; | 10 | ||
| 4) беш манжанын чыгып кетиши, сынышы-чыгып кетиши. | 15 | ||
| Эскертүү: 1. Эгерде беш манжанын жаракатына байланыштуу операция жасалса (алгачкы хирургиялык даярдоону жана бөтөн нерсени алып салууну кошпогондо), кошумча 5% камсыздандыруу суммасы бир жолу төлөнөт. 2. Билек сөөктөрүнүн бирөөсү жана кырк муун сөөгү жаракат алуунун кесепетинен сынганда (чыкканда) ар бир жаракатты эске алуу менен кошуу аркылуу камсыздандыруу суммасы төлөнөт | |||
| 82 | Беш манжанын жабыркашы төмөнкүлөргө алып келет: | ||
| 1) бир же бир нече сөөктөрдүн бүтпөгөн сыныгы (жалган муун) (сөөк сыныктарынын үзүлүүсүнөн башкасы); | 10 | ||
| 2) бардык манжаларды жоготуу, билек сөөктөрүнүн же билек муундарынын деңгээлинде ампутация кылуу; | 65 | ||
| 3) жалгыз беш манжаны ампутация кылуу. Эскертүү. Эгерде алакан сөөгүнүн же беш манжанын бүтпөгөн сыныгы (жалган муун) жаракатынын оорлошуусун жаракат алгандан 6 ай өткөндөн кийин дарылоо-профилактикалык мекемеси аныктаган жана ушул мекеменин маалымкаты менен тастыкталган учурда 82-1-пунктка ылайык камсыздандыруу суммасы кошумча төлөнөт | 100 | ||
| Беш манжа | |||
| Бармак | |||
| 83 | Бармак жаракаты төмөнкүлөргө алып келет: | ||
| 1) тырмак пластинкасынын жулунушуна; | 3 | ||
| 2) манжаны бүгүүчү тарамыштын (тарамыштардын) жабыркашына; | 3 | ||
| 3) фалангдын (фалангдардын) сынышы, чыгып кетиши, олуттуу тырыктуу деформациясы, манжаны бүгүүчү тарамыштын (тарамыштардын), тарамыштык, муундук, сөөктүк панарицийдин жабыркашы. | 5 | ||
| Эскертүү: 1. Тырмак сөөгүнүн ириңдүү сезгенүүсү (паронихия) камсыздандыруу суммасын төлөөгө негиз бербейт. 2. Эгерде тарамыштардын жабыркашына, фалангдын (фалангдардын) сынышына же чыгып кетишине, сөөктүк, муундук, тарамыштык панарицийге байланыштуу операция жасалса, кошумча 5% камсыздандыруу суммасы бир жолу төлөнөт | |||
| 84 | Төмөнкүлөргө алып келген манжанын жабырланышы: | ||
| 1) бир муундун кыймылдабай калышына; | 10 | ||
| 2) эки муундун кыймылдабай калышына. Эскертүү. Эгерде манжанын муунунун (муундарынын) кыймылдабай калышын жаракат алгандан 6 ай өткөндөн кийин дарылоо-профилактикалык мекеме аныктаган жана ушул мекеменин маалымкаты менен ырасталган учурда анын жаракатына байланыштуу төлөнгөн камсыздандыруу суммасына кошумча 1 манжанын иштешинин бузулушуна байланыштуу камсыздандыруу суммасы төлөнөт | 15 | ||
| 85 | Төмөнкүлөргө алып келген манжанын жабырланышы: | ||
| 1) ошол эле фаланганын деңгээлинде кайра ампутациялоого (кайра ампутация); | 5 | ||
| 2) тырмак фалангасынын деңгээлинде ампутациялоого; | 10 | ||
| 3) фаланга аралык муундун деңгээлинде ампутациялоого (тырмак фалангасын жоготуу); | 15 | ||
| 4) негизги фаланганын, беш манжа-фалангалык муундарынын (манжаны жоготуу) деңгээлинде ампутациялоого; | 20 | ||
| 5) алакан сөөгү менен манжанын же анын бөлүгүн ампутациялоого. Эскертүү. Эгерде 85-пункт боюнча камсыздандыруу суммасы төлөнсө, операция жасоо, операциядан кийинки тырык үчүн кошумча төлөм төлөнбөйт | 25 | ||
| Экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи манжалар | |||
| 86 | Төмөнкүлөргө алып келген бир манжанын жабырланышы: | ||
| 1) тырмактын пластинкасынын жулунушуна; | 3 | ||
| 2) манжаны бүгүүчү тарамышынын (тарамыштарынын) жабырланышына; | 3 | ||
| 3) фаланганын (фалангалардын) сынышына, чыгышына, олуттуу тырык бузулуусуна, манжаны бүгүүчү тарамышынын (тарамыштарынын) жабырланышына, тарамыш, муун, сөөк панарицийине. | 5 | ||
| Эскертүү: 1. Тырмактын жанындагы билекченин ириңдеп сезгенүүсү (паронихия) камсыздандыруу суммасын төлөөгө негиз болуп бербейт. 2. Эгерде тарамыштардын жабыркашына, фаланганын (фалангалардын) сынышына же чыгышына, сөөк, муун, тарамыш панарицийине байланыштуу операция жасалса бир жолу 5% камсыздандыруу суммасы кошумча төлөнөт | |||
| 87 | Төмөнкүлөргө алып келген манжанын жабырланышы: | ||
| 1) бир муундун кыймылдабай калышына; | 5 | ||
| 2) манжанын эки же үч муунунун кыймылдабай калышына. Эскертүү. Эгерде манжанын муунунун (муундарынын) кыймылдабай калышын жаракат алгандан 6 ай өткөндөн кийин дарылоо-профилактикалык мекеме аныктаган жана ушул мекеменин маалымкаты менен ырасталган учурда анын жаракатына байланыштуу төлөнгөн камсыздандыруу суммасына манжанын иштешинин бузулушуна байланыштуу камсыздандыруу суммасы кошумча төлөнөт | 10 | ||
| 88 | Төмөнкүлөргө алып келген манжанын жабырланышы: | ||
| 1) ошол эле фаланганын деңгээлинде кайра ампутациялоого (кайрадан ампутациялоо); | 3 | ||
| 2) фаланганын тырмагынын деңгээлинде ампутациялоого, фаланганы жоготууга; | 5 | ||
| 3) ортонку фаланганын деңгээлинде ампутациялоого, эки фаланганы жоготууга; | 10 | ||
| 4) негизги фалангалардын децгээлинде ампутациялоого, манжаны жоготууга; | 15 | ||
| 5) алакан сөөгү менен манжанын же анын бөлүгүн жоготууга. | 20 | ||
| Эскертүү: 1. Эгерде 88-пункт боюнча камсыздандыруу суммасы төлөнсө, операция жасоо, операциядан кийинки тырык үчүн кошумча төлөм төлөнбөйт. 2. Бир камсыздандыруу келишими колдонулуп жаткан мезгилде бир нече манжалар жабыркаганда, суммалоо аркылуу ар бир жабыркоону эске алуу менен камсыздандыруу суммасы төлөнөт. Бирок анын өлчөмү бир кол үчүн 65%дан жана эки кол үчүн 100%дан ашпоого тийиш | |||
| Жамбаш | |||
| 89 | Жамбаштын жабырланышы: | ||
| 1) бир сөөк сынышына; | 5 | ||
| 2) эки сөөктүн сынышына же бир ашташкан жери айрылышына, бир сөөктүн эки жерден сынышына; | 10 | ||
| 3) үч же андан ашык сөөктөрдүн сынышына, эки же үч ашташкан жерлери айрылышына. | 15 | ||
| Эскертүү: 1. Эгерде жамбаш сөөгүнүн сынышына же ашташкан жердин айрылышына байланыштуу операция жасалса, бир жолу 10% камсыздандыруу суммасы кошумча төлөнөт. 2. Төрөт мезгилинде алдынкы жамбаш сөөктөрү, ортонку жамбаш сөөктөрү ашташкан жердин (ашташкан жерлердин) ажырап кетиши 89-пункт (2 же 3) боюнча жалпы негизде камсыздандыруу суммасын төлөө үчүн негиз болуп берет | |||
| 90 | Жамбаш муунундагы кыймылды жок кылууга алып келген жамбаштын жабырланышы: | ||
| 1) бир муунда; | 20 | ||
| 2) эки муунда. Эскертүү. Жамбаш муунунун (муундарынын) иштешинин бузулушуна байланыштуу камсыздандыруу суммасы эгерде муунда кыймылдын жоктугу жаракат алгандан 6 ай өткөндөн кийин дарылоо-профилактикалык мекеме аныктаган жана ушул мекеменин маалымкаты менен ырасталган учурда жамбаштын жаракатына байланыштуу төлөнгөн камсыздандыруу суммасына кошумча 90-пункт боюнча төлөнөт | 40 | ||
| Буттар | |||
| Жамбаш муундары | |||
| 91 | Жамбаш муундарынын жабырланышы: | ||
| 1) сөөктүн фрагментинин (фрагменттеринин) жулунушуна; | 5 | ||
| 2) вертелдин (вертелдердин) обочолонуп сынышына; | 10 | ||
| 3) жамбаштын чыгышына; | 15 | ||
| 4) жамбаштын башынын, моюнчасынын сынышына, проксималдык метафизасына. | 25 | ||
| Эскертүү: 1. Эгерде бир жаракаттын кесепетинен жамбаш муундары жабыркаган ар түрдүү учурда камсыздандыруу суммасы кыйла оор жабырланууну караган пунктчалардын бирине ылайык төлөнөт. 2. Эгерде жамбаш муундарынын жаракатына байланыштуу операция жасалса, бир жолу 10% камсыздандыруу суммасы төлөнөт. 3. Эгерде жамбаш муундарынын жаракатына байланыштуу операция жасалса, бир жолу 10% камсыздандыруу суммасы төлөнөт | |||
| 92 | Төмөнкүлөргө алып келген жамбаш муунунун жабырланышы: | ||
| 1) кыймылдардын жоктугуна (анкилозго); | 20 | ||
| 2) сандын моюнчасынын бүтпөгөн сыныгына (жалган муунга); | 30 | ||
| 3) эндопротездөөгө; | 40 | ||
| 4) сандын башынын резекциясынын кесепетинен муундардын "салаңдашына". | 45 | ||
| Эскертүү: 1. 92-пунктта саналган оорлошууларга байланыштуу камсыздандыруу суммасы муундун жаракатынын себеби боюнча төлөнгөн камсыздандыруу суммасына кошумча төлөнөт. 2. Эгерде жаракаттын оорлошуусу жаракат алгандан 9 ай өткөндөн кийин дарылоо-профилактикалык мекемесинде аныкталган жана ушул мекеменин маалымкаты менен ырасталган учурда 92-2-пункт боюнча камсыздандыруу суммасы төлөнөт | |||
| Сан | |||
| 93 | Сандын сынышы: | ||
| 1) муундардын айланасын кошпогондо, кандай болбосун деңгээлде (жогорку, ортонку, төмөнкү үчтөн бирин); | 25 | ||
| 2) сандын эки жерден сынышына | 30 | ||
| 94 | Бүтпөгөн сыныктын (жалган муундун) пайда болушуна алып келген сандын сынышына: | 30 | |
| Эскертүү: 1. Эгерде сандын айланасынын жаракатына байланыштуу операция жасалса (баштапкы хирургиялык тазалоону жана бөтөн нерсени алып салууну кошпогондо), бир жолу 10% камсыздандыруу суммасы кошумча төлөнөт. 2. Эгерде мындай оорлошуу жаракат алгандан 9 ай өткөндөн кийин дарылоо-профилактикалык мекеме тарабынан аныкталса жана ушул мекеменин маалымкаты менен ырасталса, сандын сынышына байланыштуу төлөнгөн камсыздандыруу суммасына 94-пункт боюнча камсыздандыруу суммасы кошумча төлөнөт | |||
| 95 | Сандын кандай болбосун деңгээлинде аяктын ампутациясына алып келген жаракат ампутациясы же оор жаракат: | ||
| 1) бир аяктын; | 70 | ||
| 2) жалгыз аяктын. Эскертүү. Эгерде 95-пункт боюнча камсыздандыруу суммасы төлөнсө, операция жасоо, операциядан кийинки тырыктар үчүн кошумча төлөм төлөнбөйт | 100 | ||
| Тизе мууну | |||
| 96 | Тизе муунунун тегерегинин жабырланышы: | ||
| 1) гемартроз; | 3 | ||
| 2) сөөк фрагментинин (фрагменттеринин) жулунушуна, сөөк урчугунун (сөөк урчуктарынын) сынышына, балдак сөөктүн башынын сынышына, менисканын жабырланышына; | 5 | ||
| 3) тизе сөөгүнүн, жогорку муун домпокторунун ортосунун, муун домпокторунун, жото жиликтин проксималдык метафизасынын сынышына; | 10 | ||
| 4) жото жиликтин балдак жилик менен проксималдык метафизасынын сынышына; | 15 | ||
| 5) жамбаштын сөөк урчугунун сынышына, шыйрактын чыгышына; | 20 | ||
| 6) жамбаш сөөгүнүн дисталдык метафизасынын сынышына; | 25 | ||
| 7) дисталдык метафизасынын, бир же эки жото жиликтин проксималдык бөлүмдөрү менен сандын сөөгүнүн муун домпокторунун сынышына. | 30 | ||
| Эскертүү: 1. Тизе муундарынын ар түрдүү жабырлануулары айкалышкан учурда кыйла оор жабырлануу каралган 96-пункттун пунктчаларынын бирине ылайык бир жолу камсыздандыруу суммасы төлөнөт. 2. Эгерде тизе муундарынын айланасында жаракатка байланыштуу операция жасалса (баштапкы хирургиялык тазалоону жана бөтөн нерсени алып салууну кошпогондо), бир жолу 10% камсыздандыруу суммасы кошумча төлөнөт | |||
| 97 | Төмөнкүлөргө алып келген тизе муунунун айланасынын жабырланышы: | ||
| 1) муундагы кыймылдын жоктугуна; | 20 | ||
| 2) анын сөөгүнүн бөлүгүн түзгөн үстүнкү | 30 | ||
| муундардын үстүлөрүнүн резекциясынын | |||
| кесепетинен тизе муундарынын ''салаңдашына"; | |||
| 3) эндопротездөөгө. | 40 | ||
| Эскертүү. Бул муундун жаракатына байланыштуу төлөнгөн камсыздандыруу суммасына 97-пункт боюнча кошумча камсыздандыруу суммасы төлөнөт | |||
| Шыйрак | |||
| 98 | Шыйрак сөөктөрүнүн сынышы (муундардын | ||
| айланасын кошпогондо): | |||
| 1) балдак жиликтин, сөөк фрагменттеринин жулунушуна; | 5 | ||
| 2) жото жиликтин сынышы, балдак сөөктүн эки жерден сынышы; | 10 | ||
| 3) эки сөөктүн, жото жиликтин эки жерден сынышы. | 15 | ||
| Эскертүү: 1. Төмөнкү учурларда 98-пункт боюнча камсыздандыруу суммасы аныкталат: - балдак сөөктүн жогорку жана ортонку бөлүгүнүн үчтөн бири сынса; - жото жиликтин диафизи ар кандай деңгээлде сынса; - диафиз (жогоркунун, ортонкунун, ылдыйкынын үчтөн бири) тараптагы жото жилик сынса жана балдак сөөктүн жогоркусунун же ортонкунун үчтөн бир бөлүгү сынса. 2. Эгерде жаракаттын натыйжасында жото жиликтин тизедеги же шыйрак-таман муундарындагы ички муун сынса жана диафиздин деңгээлинде балдак сөөк сынса камсыздандыруу суммасы 96 жана 98-пункттар же 98 жана 101-пункттар боюнча кошуу жолу менен төлөнөт | |||
| 99 | Төмөнкүлөрдүн бүтпөгөн сыныгына, жалган муунуна (сөөк сыныктарын кошпогондо) алып келген шыйрак сөөктөрүнүн сынышы: | ||
| 1) балдак сөөктүн; | 5 | ||
| 2) жото жиликтин; | 15 | ||
| 3) эки сөөктүн тең. | 20 | ||
| Эскертүү: 1. Эгерде мындай оорлошуу жаракат алгандан 9 ай өткөндөн кийин дарылоо-профилактикалык мекемеде белгиленсе жана ушул мекеменин маалымкаты менен ырасталса, шыйрак сөөктөрүнүн сынгандыгына байланыштуу төлөнгөн камсыздандыруу суммасына кошумча 99-пункт боюнча камсыздандыруу суммасы төлөнөт. 2. Эгерде шыйрактын жаракатына байланыштуу операция жасалса (алгачкы хирургиялык тазалоону жана бөтөн нерселерди алып салууну кошпогондо), камсыздандыруу суммасынын 10% бир жолу кошумча төлөнөт | |||
| 100 | Травматикалык ампутациялоо же төмөнкүлөргө алып келген оор жаракат: | ||
| 1) шыйракты ар кандай деңгээлде ампутациялоо; | 60 | ||
| 2) тизе муунунун экзартикуляциясы; | 70 | ||
| 3) шыйрактын ар кандай деңгээлинде бир бутту ампутациялоо. Эскертүү. Эгерде камсыздандыруу суммасы шыйракты ампутациялоого байланыштуу төлөнсө, операция жасоо, операциядан кийинки тырыктар үчүн кошумча төлөм жүргүзүлбөйт | 100 | ||
| Шыйрак-таман муундары | |||
| 101 | Шыйрак-таман муундарынын жабыркашы: | ||
| 1) кызыл ашыктын томугунун сынышы, жото жиликтин ортосундагы синдесмоздун үзүлүп кетиши; | 5 | ||
| 2) эки кызыл ашыктын томугунун сынышы же жото жиликтин кыры менен бир кызыл ашыктын томугунун сынышы; | 10 | ||
| 3) жото жиликтин кыры менен эки кызыл ашыктын томугунун сынышы. | 15 | ||
| Эскертүү: 1. Шыйрак-таман муундарындагы сөөктөрдүн сынышы жото жиликтин ортосундагы синдесмоздун үзүлүп кетиши, буттун кетменинин чыгып кетиши менен коштолсо камсыздандыруу суммасынын 5% бир жолу кошумча төлөнөт. 2. Эгерде шыйрак-таман муундарындагы жаракатка байланыштуу операция жасалса (алгачкы хирургиялык тазалоону жана бөтөн нерселерди алып салууну кошпогондо) камсыздандыруу суммасынын 10% бир жолу кошумча төлөнөт | |||
| 102 | Төмөнкүлөргө алып келген шыйрак-таман муундарынын жабыркашы: | ||
| 1) шыйрак-таман муундарында кыймылдын жоктугу; | 20 | ||
| 2) "салаңдаган" шыйрак-таман муундары (анын сөөктөрүн түзгөн муундардын бетинин резекциясынын натыйжасында); | 40 | ||
| 3) шыйрак-таман муундарындагы экзартикуляция. Эскертүү. Эгерде шыйрак-таман муундарындагы жаракаттын натыйжасында 102-пунктта саналган оорлошуу болсо, бир кыйла оор кесепетти эске алган пунтчалардын бири боюнча камсыздандыруу суммасы төлөнөт | 50 | ||
| 103 | Ахиллов тарамыштарынын жабыркашы: | ||
| 1) консервативдик дарылоодо; | 5 | ||
| 2) операция жасоодо | 15 | ||
| Буттун кетмени | |||
| 104 | Буттун кетменинин жабыркашы: | ||
| 1) бир сөөктүн сынышы, чыгып кетиши (согончокту жана чүкө сөөктү кошпогондо); | 5 | ||
| 2) эки сөөктүн сынышы, чыгып кетиши, чүкө сөөктүн сынышы; | 10 | ||
| 3) үч же андан ашык сөөктүн сынышы, чыгып кетиши, согончок сөөгүнүн сынышы, буттун кетменинин чүкө сөөгүнүн чыгып кетиши, буттун кетменинин туурасынан кеткен муунунун (Шопара) же бейбелчектин (Лисфранка) чыгып кетиши. | 15 | ||
| Эскертүү: 1. Эгерде сөөктөрдүн сынуусуна же чыгып кетишине же буттун кетменинин байламталарынын үзүлүп кеткендигине байланыштуу операция жасалса, камсыздандыруу суммасынын 5% бир жолу кошумча төлөнөт. 2. Ар түрдүү жаракаттардын натыйжасында буттун кетменинин сөөктөрү сынса же чыгып кетсе, камсыздандыруу суммасы ар бир жаракаттын фактысын эске алуу менен төлөнөт | |||
| 105 | Төмөнкүлөргө алып келген буттун кетменинин жабыркашы: | ||
| 1) бир-эки сөөктүн бүтпөй калган сыныгы (жалган муун) (согончок жана чүкө сөөктөрүн кошпогондо); | 5 | ||
| 2) үч же андан ашык сөөктүн, ошондой эле чүкө сөөктүн же согончок сөөгүнүн бүтпөй калган сыныгы (жалган муун); | 15 | ||
| 3) чүкө сөөктүн астындагы муундун, бейбелчектин туурасынан кеткен муунунун (Шопара) же бейбелчектин (Лисфранка) артродези; төмөнкүлөрдүн деңгээлиндеги ампутациялоо: | 20 | ||
| 4) бейбелчек-шыйбылчак муундардын (буттун кетменинде бардык манжалардын жоктугу); | 30 | ||
| 5) бейбелчек же бейбелчектин астындагы сөөктөрдүн; | 40 | ||
| 6) чүкө сөөктүн, согончок сөөктөрүнүн (буттун кетменинин жоголушу). | 50 | ||
| Эскертүү: 1. Буттун кетменинин жаракатынын оорлошуусуна байланыштуу 105-пунктта (1, 2, 3) каралган камсыздандыруу суммасы эгерде буттун кетменинин жаракаты жаракат алгандан 6 ай өткөндөн кийин дарылоо-профилактикалык мекемеде белгиленген жана ушул мекеменин маалымкаты менен ырасталган учурда, 4, 5, 6-пунктчалар боюнча жаракат алган күндөн тартып өткөн мөөнөткө карабастан, буттун кетменинин жаракатына байланыштуу төлөнгөн камсыздандыруу суммасына кошумча төлөнөт. 2. Эгерде буттун кетменин ампутациялоого байланыштуу камсыздандыруу суммасы төлөнгөн учурда, операция жасоо, операциядан кийинки тырыктар үчүн кошумча төлөм жүргүзүлбөйт | |||
| Буттун кетменинин манжалары | |||
| 106 | Шыйбылчактын (шыйбылчактардын) сынышы, чыгып кетиши, тарамыштын (тарамыштардын) жабыркашы: | ||
| 1) бир манжанын; | 3 | ||
| 2) эки-үч манжанын; | 5 | ||
| 3) төрт-беш манжанын. Эскертүү: эгерде манжалардын тарамыштарынын сынгандыгына, чыгып кеткендигине же жабыркагандыгына байланыштуу операция жасалса, камсыздандыруу суммасынын 3% бир жолу кошумча төлөнөт | 10 | ||
| 107 | Ампутациялоого алып келген буттун кетменинин манжаларынын травматикалык ампутацияланышы же жабыркашы:бармактын: | ||
| 1) тырмак шыйбылчагынын же шыйбылчактын ортосундагы муундун деңгээлинде; | 5 | ||
| 2) негизги шыйбылчактын же бейбелчек-шыйбылчак муунунун деңгээлинде; экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи манжалар: | 10 | ||
| 1) шыйбылчактын тырмак же орто деңгээлиндеги бир-эки манжанын; | 5 | ||
| 2) негизги шыйбылчактын же | 10 | ||
| бейбелчек-шыйбылчак муундарынын деңгээлинде бир-эки манжанын; 3) шыйбылчактын тырмак же орто деңгээлиндеги үч-төрт манжанын; | 15 | ||
| 4) негизги шыйбылчактын же бейбелчек-шыйбылчак муундарынын деңгээлинде үч-төрт манжанын. | 20 | ||
| Эскертүү: 1. Эгерде камсыздандыруу суммасы 107-пункт боюнча төлөнгөн учурда, операңия жасоо, операциядан кийинки тырыктар үчүн кошумча төлөм жүргүзүлбөйт. 2. Эгерде жаракатка байланыштуу бейбелчектин манжасы же анын бөлүгү ампутацияланса, камсыздандыруу суммасынын 5% бир жолу кошумча төлөнөт |
Органдын жаракатына байланыштуу төлөнүүчү камсыздандыруу бул орган алынганда төлөнүүчү камсыздандыруунун өлчөмүнөн ашпоого, ал эми төлөмдөрдүн жалпы суммасы 100%дан ашпоого тийиш.
1-таблица
| Керүү курчтугу | Төлөнүүгө тийиш камсыздандыруу суммасынын өлчөмү, % | |
| жаракатка чейин | жаракат алгандан кийин | |
| 1,0 | 0,9 | 3 |
| 0,8 | 5 | |
| 0,7 | 5 | |
| 0,6 | 10 | |
| 0,5 | 10 | |
| 0,4 | 10 | |
| 0,3 | 15 | |
| 0,2 | 20 | |
| 0,1 | 30 | |
| 0,1ден төмөн | 40 | |
| 0,0 | 50 | |
| 0,9 | 0,8 | 3 |
| 0,7 | 5 | |
| 0,6 | 5 | |
| 0,5 | 10 | |
| 0,4 | 10 | |
| 0,3 | 15 | |
| 0,2 | 20 | |
| 0,1 | 30 | |
| 0,1ден төмөн | 40 | |
| 0,0 | 50 | |
| 0,8 | 0,7 | 3 |
| 0,6 | 5 | |
| 0,5 | 10 | |
| 0,4 | 10 | |
| 0,3 | 15 | |
| 0,2 | 20 | |
| 0,1 | 30 | |
| 0,1ден төмөн | 40 | |
| 0,0 | 50 | |
| 0,7 | 0,6 | 3 |
| 0,5 | 5 | |
| 0,4 | 10 | |
| 0,3 | 10 | |
| 0,2 | 15 | |
| 0,1 | 20 | |
| 0,1ден төмөн | 30 | |
| 0,0 | 40 | |
| 0,6 | 0,5 | 5 |
| 0,4 | 5 | |
| 0,3 | 10 | |
| 0,2 | 10 | |
| 0,1 | 15 | |
| 0,1ден төмөн | 20 | |
| 0,0 | 25 | |
| 0,5 | 0,4 | 5 |
| 0,3 | 5 | |
| 0,2 | 10 | |
| 0,1 | 10 | |
| 0,1ден төмөн | 15 | |
| 0,0 | 20 | |
| 0,4 | 0,3 | 5 |
| 0,2 | 5 | |
| 0,1 | 10 | |
| 0,1ден төмөн | 15 | |
| 0,0 | 20 | |
| 0,3 | 0,2 | 5 |
| 0,1 | 5 | |
| 0,1ден төмөн | 10 | |
| 0,0 | 20 | |
| 0,2 | 0,1 | 5 |
| 0,1ден төмөн | 10 | |
| 0,0 | 20 | |
| 0,1 | 0,1ден төмөн | 10 |
| 0,0 | 20 | |
| 0,1ден төмөн | 10,0 | 20 |
Эскертүү:
1. Толук сокурдук (0,0) 0,01ден төмөн көрүү курчтугуна жана жарыкты кабыл алууга (бет алдында манжаларды санаганга) барабар.
2. Жабыркаганга чейин көргөн көз алмасы жаракаттын, ошондой эле анын кичирейүүсүнүн натыйжасында алынса, камсыздандыруу суммасынан 10 % кошумча төлөнөт.
2-таблица
Күйгөндө камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө (камсыздандыруу суммасынан пайыз менен)
| Күйүктүн аянты (% дененин бети) | Күйүктүн даражасы | ||||
| I | II | IIIA | IIIБ | IV | |
| 5ке чейин | 1 | 5 | 10 | 13 | 15 |
| 5тен 10го чейин | 3 | 10 | 15 | 17 | 20 |
| 11ден 20га чейин | 5 | 15 | 20 | 25 | 35 |
| 21ден 30га чейин | 7 | 20 | 25 | 45 | 55 |
| 31ден 40ка чейин | 10 | 25 | 30 | 70 | 75 |
| 41ден 50гө чейин | 20 | 30 | 40 | 85 | 90 |
| 51ден 60ка чейин | 25 | 35 | 50 | 95 | 95 |
| 61ден 70ге чейин | 30 | 45 | 60 | 100 | 100 |
| 71ден 80ге чейин | 40 | 55 | 70 | 100 | 100 |
| 81ден 90го чейин | 60 | 70 | 80 | 100 | 100 |
| 90дон ашык | 80 | 90 | 95 | 100 | 100 |
1. Дем алуу жолдору күйгөндө - 30%.
2. Баш жана (же) моюн күйгөндө камсыздандыруунун өлчөмү төмөнкүдөй көбөйөт:
- күйүктүн аянты дененин бетинин 5%на чейин болсо 5%га;
- күйүктүн аянты дененин бетинин 5тен 10%на чейин болсо 10%га.
3. Чат күйгөндө камсыздандыруунун өлчөмү 10%га көбөйөт.
4. Күйүк оорусу (күйүктүн шогу) (±) 20%.
5. Жабырлануучунун денесинин бетинин 1% колунун алаканынын аянтына барабар.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябры № 708 "Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү…Постановление · 22.11.2024 · № 708
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-августундагы № 554 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 708 «Жабырлануучунун…Постановление · 17.08.2026 · № 554