# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябры № 708 "Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасын эсептөө методикасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябры № 708 "Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасын эсептөө методикасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 708
- Кабыл алынган күнү: 22.11.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018380>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35586/edition/21936/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230018380.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябры № 708 "Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасын эсептөө методикасын бекитүү жөнүндө" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018380

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 22-ноябры № 708

Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасын эсептөө методикасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 190 "2021-2025-жылдарда Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2021-2025-жылдарда Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү стратегиясынын IV бөлүмүнүн 17-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруунун суммасын эсептөө методикасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
