# Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 1/1 "Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү маселелери жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 1/1 "Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү маселелери жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1/1
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018322>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78290/edition/21837/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 1/1 "Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү маселелери жөнүндө" Токтому (02.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018322

---

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 19-чакырылышынын кезексиз 1-сессиясы

2024-жылдын 2-декабры № 1/1 Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 Жарлыгына ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагы 5 аймактык бөлүктөргө бөлүнсүн жана жыйындарды өткөрүүнүн графиги, өтүлүүчү жери жана жергиликтүү коомдоштуктун өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучулардын саны төмөндөгүдөй бекитисин:

- Кара-Суу участкасы – К.Абдылдаев атындагы маданият үйү 2024-жылдын 4-декабрында саат 10.00 дө.

- Супа-Булак участкасы – К.Абдылдаев атындагы маданият үйү 2024-жылдын 4-декабрында саат 14.00 дө.

- Дыйкан айылы- А Капаров орто мектеби, 2024-жылдын 4-декабрында саат 16.00 дө.

- Калинин айылы- Т Адыраңов орто мектеби, 2024-жылдын 5-декабрында саат 10.00 дө.

- Терек-Суу айылы- А Чортеков орто мектеби, 2024-жылдын 5-декабрында саат 14.00 дө.

2. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарына катышуучулардын саны:

- Кара-Суу участкасы – 20 адам

- Супа-Булак участкасы - 20 адам

- Дыйкан айылы – 20 адам

- Терек-Суу айылы - 20 адам

- Калинин айылы - 20 адам.

3. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттары:

- Кара-Суу участкасы – К.Акбаев, Ч.Үсөнов, Б.Аманбек у,К.Абдрахманова, А.Жакеева

- Супа-Булак участкасы - А.Өзгөрүш у, Ч.Карагулова, Г.Калиязова.

- Дыйкан айылы – Н.Асанбек у, Б.Каракожоева.

- Терек-Суу айылы – М.Тавалдиев, К. Карекова, А.Эсенгулова, К.Абдыкадыр у.

- Калинин айылы – С.Жумалиев, А.Бугубаева, М.Жумашов, И.Тилекматов, Т.Кылычбек к, У.Кыдыршаев.

4. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:

Жумушчу топтун төрагасы: К.Жакыпакун у; Мүчөлөрү:

1. Өзгөрүш уулу Азат

2. Абдыкадыр уулу Калыбек

3. Молдажиева Каныйкей

4. Кулова Венера

5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.

6. Расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

Төрага

К. Жакыпакун уулу
