Кант шаардык кеңешинин «Жаңы от казанын курууга жер тилкесин сатып алууга каражат бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 8-кезексиз сессия
2018-жылдын 01-февралындагы № 45/VIII-27
Жаңы от казанын курууга жер тилкесин сатып алууга каражат бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө Кант жылуулук камсыздоо ишканасынын директору Н.К.Тагаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле КРнын “Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2-бер. 2-бап. 5-бер. КРнын Жер Кодексинин 14-бер. жана КРнын №31412220 бюджеттик квалификациясынын “Жерди өндүрүштүк максатта алуу” чыгаша беренесине таянып
КАНТ ШААРДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясына Кант шаарынын Гагарин көч. жайгашкан “Каниет” ААКнун тилкесинен 1 Гкал/саат кубаттуулуктагы жаңы модулдагы откананы курууга жер тилкесин алууга макулдук берилсин.
2. Кант шаарынын мэриясы 2018-жылдын башындагы эркин калдыктагы бюджеттик каражаттын эсебинен 300,0 (үч жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын жер тилкесин алууга бөлүп берсин.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарышы жөнүндө Кант шаардык кеңешине 10.09.2018-ж.га чейин маалымат берилсин.
5. Бул токтомун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Кант шаардык кеңешинин төрагасы
А.К. Шайлдабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон