# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 706 "Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 706 "Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 706
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018307>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35529/edition/21822/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230018307.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 706 "Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (20.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018307

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 20-ноябры № 706

Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Финансылык тартипти бекемдөө жана республикалык бюджеттин каражаттарын натыйжалуу чыгымдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 57-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 825 "Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
