# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 21-ноябрындагы № 185 "2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 21-ноябрындагы № 185 "2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 185
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018295>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5432/edition/21811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230018295.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 21-ноябрындагы № 185 "2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" токтому (21.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018295

---

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2024-жылдын 21-ноябры № 185

2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230018295/st-1)

2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230018295/st-2)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө азербайжан тарапка белгиленген тартипте кабарласын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230018295/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2024-жылдын 23-октябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
