Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 21-ноябры № 746-т "Кыргыз Республикасынын соода компаниясы" ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 499-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт "филиалдарын/өкүлчүлүктөрүн" деген сөздөрдөн кийин "жана туунду коомдорун" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункт "филиалдарынын/өкүлчүлүктөрүнүн" деген сөздөрдөн кийин "жана туунду коомдорунун" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пунктта "жана анын чет мамлекеттердеги филиалдары/өкүлчүлүктөрү" деген сөздөр ", анын чет мамлекеттердеги филиалдары/өкүлчүлүктөрү жана туунду коомдору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. "Соода компаниясы" ААК жана анын туунду коомдору өз максаттарына жетүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу деп белгиленсин:
1) сатып алынуучу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногуна мониторинг жүргүзүү жана бул агымды системалаштыруу максатында менчигинин түрүнө карабастан башка юридикалык жактарды товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү соодалоо (анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагына реалдуу акыркы жеткирүүсүз) предмети болуп саналган контракттарды түзүүгө аккредитациялоого (уруксат берүүгө);
2) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү соодалоо (анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагына реалдуу акыркы жеткирүүсүз) предмети болуп саналган контракттарды түзүүдө тышкы экономикалык иштин субъекттерине карата эсептешүүлөр боюнча өзүнчө жоболорду белгилөөгө.
Аккредитациялоо жөнүндө жобо жана эсептешүүлөр тартиби "Соода компаниясы" ААК тарабынан белгиленет.";
- 4-пунктта "жана анын чет мамлекеттердеги филиалдарына/өкүлчүлүктөрүнө" деген сөздөр ", анын чет мамлекеттердеги филиалдарына/өкүлчүлүктөрүнө жана туунду коомдоруна" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августунун № 499-т ("Кыргыз Республикасынын соода компаниясы" ачык акционердик коомун түзүү туура-луу) тескемесиРаспоряжение · 23.08.2024 · № 499-р