# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 744-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 508-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 744-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 508-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 744-р
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018225>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19380/edition/21636/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230018225.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 744-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 508-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси (20.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018225

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 20-ноябры № 744-т 2025-жылдын жайкы сезонуна карата Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду автомобиль жолунун курулушун өз убагында аяктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 508-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- жаңы техникалык чечимдерди жана участок боюнча бааларды колдонуу менен подрядчыны тандоо боюнча тиешелүү жол-жоболорду жүргүзүү аркылуу "Лонг Хай" Циндао жолдор жана көпүрөлөр корпорациясы жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү менен подряд келишиминен Чолпон-Ата шаарынын аймагы боюнча өтүүчү 77,5тен 81,3 километрге чейинки Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду автомобиль жолунун бөлүгүн чыгарсын.".

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
