# Кичи-Кемин айылдык кенешинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 2/1 “Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагынын Кичи- Кемин айылдык Кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кичи-Кемин айылдык кенешинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 2/1 “Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагынын Кичи- Кемин айылдык Кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2/1
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35434/edition/21550/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230018191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кичи-Кемин айылдык кенешинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 2/1 “Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагынын Кичи- Кемин айылдык Кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө” токтому (22.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018191

---

КИЧИ-КЕМИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КИЧИ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Бириккен Кичи- Кемин айылдык Кенешинин уюштуруу сессиясынын

2024-жылдын 22- февралындагы № 2/1

“Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагынын Кичи- Кемин айылдык Кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29 декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кичи- Кемин айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүйоблусунун, Кемин районунун, Ак-Тюз айыл аймагынын «Ак- Тюз айылдык Кеңеши»,Чүй облусунун, Кемин районунун, Ильич айыл аймагынын «Ильич айылдык Кеңеши», Чүй облусунун, Кемин районунун, Боролдой айыл аймагынын «Боролдой айылдык Кеңеши», Чүй облусунун, Кемин районунун, Кара- Булак айыл аймагынын «Кара- Булак айылдык Кеңеши», жана Чүйоблусунун, Кемин районунун, Кичи-Кемин айыл аймагынын «Кичи-Кемин айылдык Кеңеши» бириктирүү жолу менен «Кичи-Кемин айыл аймагынын Кичи- Кемин айылдык Кеңеши» мекемеси түзүлсүн.

Юридикалыкжактынтолукфирмалыкаталышы:

- мамлекеттиктилде – “Чүй облусунун, Кемин районунун. Кичи-Кемин айыл аймагынын, “Кичи- Кемин айылдык Кеңеши” мекемеси;

- расмийтилде Учреждение “АйылныйКенешКичи- Кемин” Кичи-Кеминского айылного аймака,Кеминского района,Чуйской области;

Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Кемин району,Кичи- кемин айылы Бектенова көчөсү № 58

2. «Кичи- Кемин айылдык Кеңеши» мекемесинин Жобосу бекитилсин.

3. «Кичи- Кемин айылдык Кеңеши» мекемесинин юридикалык дареги, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Кемин району, Кичи- Кемин айылы, Бектенова көчөсү № 58, болуп аныкталсын.

4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Кичи-Кемин айылдык кеңешинин төрагасы

Э.У.Орозбаков
