# Шопоков шаардык кеңешинин 2023-жылдын 11-августундагы № 123 "Жаза чарасын көрүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмесин жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу иштөөчү комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Шопоков шаардык кеңешинин 2023-жылдын 11-августундагы № 123 "Жаза чарасын көрүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмесин жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу иштөөчү комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018072>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35347/edition/21374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230018072.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шопоков шаардык кеңешинин 2023-жылдын 11-августундагы № 123 "Жаза чарасын көрүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмесин жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу иштөөчү комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" токтому (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018072

---

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Шопоков шаардык депутаттар кеңешинин Х чакырылышынын XХ сессиясы 2023-жылдын 11-августу № 123 Жаза чарасын көрүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмесин жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу иштөөчү комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө 2021-жылдын 28-октябрындагы №128 “Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө” кодексине 51-главасынын 451-беренесине ылайык, жаза чарасын көрүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмесин жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу иштөөчү комиссиянын курамын бекитип берүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап , Шопоков шаардык кеңеши

Токтом кылат:

1.Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссия төмөнкү курамда бекитилсин:

Токтогулова Ч.Т.

Шопоков шаарынын мэринин орун басары; коммисиянын төрайымы;

Талантбек уулу Тахир

Шопоков шаарынын мэриясынын мамлекеттик сатып алуулар, инвестиция тартуу , жаштар саясаты жана спорт боюнча башкы адиси, комиссиянын катчысы;

Шопоков шаарынын көрктөндүрүү комбинаты

Шопоков шаарынын көрктөндүрүү комбинатынын өкүлү (макулдашуу боюнча) коммисиянын мүчөсү;

Шопоков шаарынын “Шопоков-Зеленхоз” муниципалдык мекемеси

Шопоков шаарынын “Шопоков-Зеленхоз муниципалдык мекемесинин өкүлү (макулдашуу боюнча), комиссиянын мүчөсү;

Шопоков шаарынын аксакалдар соту

Шопоков шаарынын аксакалдар сотунун (макулдашуубоюнча), комиссиянын мүчөсү;

Шопоков шаардык милиция бөлүмү (ГОМ)

Шопоков шаардык милиция бөлүмүнүн өкүлү (макулдашуу боюнча), комиссиянын мүчөсү;

Алымбеков Б.К.

Шопоков шаарынын активиси (макулдашуу боюнча) комиссиянын мүчөсү.

2.Ушул токтомдун аткарылышын Шопоков шаарынын мэрдин орун басары Ч.Т.Токтогуловага жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

К.С.Джеенчороев
