# Шопоков шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-ноябрындагы № 138 "Шопоков шаарынын аймагында 2023-жылынын аягына карата малдардын жана үй канаттуулардын саноого даярдык жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Шопоков шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-ноябрындагы № 138 "Шопоков шаарынын аймагында 2023-жылынын аягына карата малдардын жана үй канаттуулардын саноого даярдык жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 27.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230018014>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35308/edition/21289/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230018014.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шопоков шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-ноябрындагы № 138 "Шопоков шаарынын аймагында 2023-жылынын аягына карата малдардын жана үй канаттуулардын саноого даярдык жөнүндө" токтому (27.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230018014

---

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Шопоков шаардык депутаттар кеңешинин Х чакырылышынын XХIII кезексиз сессиясы 2023-жылдын 27-ноябры № 138 Шопоков шаарынын аймагында 2023-жылынын аягына карата малдардын жана үй канаттуулардын саноого даярдык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14 декабрындагы №675 “2023-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө” токтому жана “Сокулук райондук мамлекеттик админитстрациясынын 2023-жылдын аягына карата абалы боюнча малдарды жана үй канаттууларын кайра саноо жөнүндө” тескемесине ылайык, Шопоков шаардык кеңеши

Токтом кылат:

1.Шопоков шаарынын аймагында 2023-жылынын аягына карата малдардын жана үй канаттуулардын саноого даярдык көрүү жана жүгүзүү, жыйынтыктоо маалыматтарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча иш-чаралар планы бекитилсин.

2.Малдардын жана үй канаттуулардын эсепке алууга тартылгандарга, ар бир эсепке алынган кожолуктан 40 сомдон жана кеткен иш жүзүндөгү чыгымдарды пайдалануу боюнча транспорт каражаттарына акы төлөп берүү жагы жергиликтүү бюджеттен каралсын.

3.Шопоков шаарынын аймагында 2023-жылынын аягына карата малдардын жана үй канаттуулардын саноого даярдык көрүү жана жүргүзүү боюнча жумушчу комиссиясынын курамы бектилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышы Шопоков шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Ж.К. Токталиевага жүктөлсүн.

Төрага

С.И.Назаров
