# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 709
- Кабыл алынган күнү: 22.11.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017999>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35301/edition/21277/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230017999.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017999

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 22-ноябры № 709 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кошумча нарк салыгын жана сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, спортту өнүктүрүү үчүн багытталган товарлар бериле турган субъекттердин тизмеги 1-тиркемеге ылайык;

2) Кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, спортту өнүктүрүү үчүн багытталган товарларды импорттоочу субъекттердин тизмеги 2-тиркемеге ылайык;

3) Спортту өнүктүрүү үчүн багытталган товарлардын тизмеги 3-тиркемеге ылайык.

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 91 (3645) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
